www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2004-жылы туулган Ош облусунун Араван районунун жашоочусу Акжуурат Өмүрзакованы жакындары издешүүдө. Акжуурат 2019-жылдын 27-сентябрында жакындарына таарынып Кара-Кулжа районуна караштуу 1-Май айылындагы туугандарынын үйүнөн  чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. 

“Кызым үйдөн чыгып кеткенине негиз деле жок болчу, Кара-Кулжанын мектебине которулгандыгына байланыштуу жакшы жүр, сабагыңды оку, телефонго көп кызыкпа деп, тыюу салганым себептүү таарынып үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз”, -дейт көз жашын тыя албаган Акжуураттын энеси Назира Өмүрзакова.

Назира Өмүрзакова кызына: ”Кызым Акжуурат, көрүп жаткан, угуп жаткан болсоң үйгө кел, кызым. Сени эч ким урушпайт, бул жерде калгың келбесе өзүм менен Москвага алып кетем. Биз сени күтүп жатабыз, сени эч ким урушпайт, кайрылып кел” деп кайрылуу жолдоду.

Акжууратты көргөн, билгендер болсо төмөнкү номерлер аркылуу билдирип коюшуңуздарды өтүнөбүз:

0772 67 92 83, 0777 66 55 24

Булак: NazarNews.kg

Последние новости