www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-ноябрь күнү Орусиянын Новосибирск облусунун Темиржол районунда жайгашкан кафелердин биринде 12 жаштагы бала газга ууланып көз жумду. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, маркум менен анын досу газ баллонду жууп, дааратканага көтөрүп киришкен. Беш мүнөт өткөндөн кийин бала дааратканадан чыгып кулап калган, экинчиси ошол жерден качып кеткен. 
Кулап калган баланы диванга жаткырышкан, бирок ал дем ала алган эмес. Бала оор дем алып, кан куса баштаган. “Тез жардам” кызматы 17 мүнөттөн кийин келген, ал келгенче кафенин кардарлары балага биринчи жардам көрсөтүүгө аракет кылышкан. Окуя болгон жерге келген дарыгерлер баланы жандандыруу унаасына жаткызып, бир саат анын өмүрүн сактап калууга аракет жасашкан, бирок тилекке каршы бала каза болуп калган.   

Маалымат боюнча, дарыгерлер кафеге келгенден 15 мүнөттөн кийин полиция кызматкерлери келип, газ баллондорду алып кетишкен. 

Берилген маалыматка таянсак, каза болгон бала жакыр үй-бүлөдө жашачу. Учурда баланын өлүмүн тергөөчүлөр жана прокуратура иликтеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости