www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖЫЛКЫ ЭТИ — таза, ар дайым пайдалуу чөптөр менен тамактангандыктан этинде дарылык касиеттери абдан көп. Уйдун этине салыштырмалуу 8 эсе бат сиңет. Холестерин жок. Булчуңдарды чыңдап, өттүн жакшы иштешин шарттайт. Боордун жабыркаган ткандарын калыпка келтирип, гемоглобинди көбөйтүп, эркектин бел кубатын көтөрөт.

КИЙИК ЭТИ - Борбордук Россиянын түндүк тарабында ашканаларда кийиктин эти дайыма колдонулуп келет. Эт минералдарга жана витаминдерге абдан бай. Башка эттерден өзгөчөлүгү В витаминдер группасы жана темир көп, уйдун этине салыштырмалуу. Көбүнчө салат жалбырактары, козу карындар менен жеген сунушталат. Ичибиздеги мите курттарга өтө пайдалуу. Ошондуктан коркпостон пайдалана берсек болот.

УЙДУН ЭТИ - Сөөктү, булчуңдарды жана кан тамырларды чыңдап, көрүүнү жакшыртат. Курамында темир көп болгондуктан гемоглобинди көтөрөт. Жаракаттан, жугуштуу оорудан, күйүктөн бат айыгууга шарт түзөт. Урук чыктагыч бездин иштөөсүн жакшыртып, тестостерондун жана уруктуктун (сперма) иштелип чыгышын шарттайт. Башкысы диеталык азык (майлуу эмес эти). Этинин 60 пайызы сиңет. Уйдун этинин курамы фосфор, магний, калий, селен, цинк жана В, В витаминдерге бай. 2012-жылы Америкалык журналдардын биринде басылып чыккан, эт жеп холестеролу калыбына келтирген жана жүрөк кан тамыр ооруларынан арылган деп айтылган.

ТОПОЗДУН ЭТИ — Уйдун этине караганда пайдалуу заттар, анын ичинде темир абдан көп, ал эми холестерин аз өлчөмдө. Организмдеги зат алмашууну жакшыртып, операциядан кийин бат ден - соолугубузду калыбына келтиргенге жакшы жардамын тийгизет. Анемиядан жабыркагандарга табылгыс азык.

ТӨӨ ЭТИ - Курамында белок абдан көп жана уйдун этине салыштырмалуу май эки эсе аз. Эти, кымызы (шубат), сүтү кургак учук менен ооругандарга, иммунитети начарлагандарды калыбына келтиргенде жардам берет. Анемия, варикоздо этти жесе оорудан айыгууга табылгыс жардамчы.

КОЙ ЭТИ - Курамындагы лецитин уйку безин жакшы иштетет. Шорпосу гастриттен (кычкылы төмөн түрү) жабыркагандарга пайдалуу. Тиштин кариесинин алдын алат. Эн безинин барсылдагында (киста) жесе оорудан айыгууга жардамчы. Ал эми кой этинде Е витамини бар болгондуктан терибизге өтө пайдалуу. Дагы айта кетпесек болбойт башка этке салыштырмалуу кой этинин сиңиши кыйын жана холестерин абдан көп. Көп жесе жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келет. Кант диабети, гепатит, панкреатит, гипертония, холецистит, өттүн таш оорусунда, ашказан-ичегинин жарасы жана подагра менен жабыркагандарга кой эти сунушталбайт. Жаш балдарга, карыларга козунун этин берүү оң.

Эчки эти — Уйдун жана койдун этине салыштырмалуу жакшы сиңет. Койдукуна караганда холестерин төмөнүрөөк. Ашказан-ичегилердин иштөөсүн жакшыртат. Карылар, жаш балдар жана өнөкөт оорусу барлар оорусу курчубай турган кезде жей беришсе болот.

АЮУ ЭТИ - Жарым жыл уктап жатып, өзүнүн организмине керектүү азыктарды топтогонго жетишет. Этинин курамында В витамини, цинк жана темирге өтө бай келет. Мите курттардан жана жагымсыз жыттардан арылууга пайдаланса болот.

КОЕН ЭТИ - бул белоктордун чемпиону десек болот. Ден-соолугубузга уйдун эти 60 пайызы сиңимдүү болсо, коендун эти 90 пайызы сиңимдүү. Эт абдан жумшак жана жеңил олтурат. Диета кармаганга ыңгайлуу. Курамында холестерин төмөн болгондуктан жаш балдарга, карыларга, өнөкөт оорусу барлардын бардыгына болот. 100 грамм коен этинен 4 грамм гана май бөлүнүп чыгат, деп диетолог, жазычуу Лиза Янг өзүнүн китебинде билдирген.

КАЗ ЖАНА ӨРДӨК ЭТИ — Организмде уулардын топтолушун четтетет. Жаштыкты узартат, жараларды батыраак айыктырат, көк боордун иштешин жакшыртат. Иммунитети төмөндөр жана кургак учук менен ооругандарга жакшы азык. Бирок жылына майрамдарда бир ирет жегенге сунушталат. Ал эми өрдөк этинде майлуулугу каздын этине караганда азыраак, мурун кургак учук ооруларына колдонуп келишчү.

ТООК ЭТИ - Жеңил, бат сиңүүчү эт. Андыктан операциядан жана инсульт, инфарктан кийин тамак жасап беришет. Нерв системинин, жүрөктүн жана өттүн калыптагыдай иштешине көмөк берет.

ҮНДҮК ЭТИ — Эти жеңил сиңет, өнөкөт оорусу жоктордун баарына жегенге болот. Ички органдары ылдый түшкөндөргө, энурезде, төрөттөн кийин шишикте жеш сунушталат. Көбүнчө кышкыга эң жакшы азык- түлүк.

БАЛЫК ЭТИ — Курамында белоктон тышкары фосфор, цинк бар. Эти менен майы организмдеги жаман холестеринди чыгарат. Нерв системинин жана урук чыктагыч бездин иштөөсүн, эс-тутумду жакшыртат. Рактын жана эрте алжып калуунун алдын алат. Чачты өстүрөт, теринин абалын жакшыртат.

Булак: "Факты.kg"

 

 

Последние новости