www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчисинде жасалма кол коюлган жалган документтер менен уят болуп калган “Азаттык” соңку иликтөөсүн аябай кылдат жасап, жакшы шөкөттөптүр. Анысына кеп жок. Бирок мазмунуна келгенде деле күмөн санаткан жагдайлар, суроолор көп. Ал суроолорду менден башкалар деле айтып, жазып жатышат. Чынында журналисттик иликтөөдө сөз болуп жаткан бардык тараптар калыс иликтенип, коомчулукта күмөн саноо, суроо болбогудай жасалышы керек. Ал ошол үчүн иликтөө. Ал жарым күндө арыдан бери жасалчу чала-чарпыт журналисттик материал эмес. Иликтөөнүн талабы ошондой. Бардык тараптар, анын ичинде биринчи кезекте ошол маалымат берип жаткан жактар да дыкат иликтениш керек. Журналисттик иликтөө кайсы бир тарапты калкалап, кайсы бир тараптын кызыкчылыгы үчүн кыйыр болсо да ойнобош керек.

Эми уу-дууга түшкөн “Азаттыктын” соңку иликтөөсүнө келсек, ошол эле 700 миллион доллар Өзбекстандагы “Абу-Сахи” базарындагы ишкерлердин акчасы экенин маркум Саймаити өзү ырастап атат. Ал тек биздин өлкө аркылуу транзит менен сыртка чыгарылган. Бирок иликтөөдө бул акча Кыргызстанга тиешелүү дегендей кыйыр түрдө сыпатталып, кайсы бир деңгээлде сандарды чаташтыруу, баш айлантуу, бурмалоо болуп жаткандай. Муну кечээ ошол эле “Азаттыктын” түз эфиринде мурда ИИМ, бажы, салык тармактарында иштеген, азыр дасыккан саясатчы, тажрыйбалуу депутат Исхак Масалиев да айтып чыкты.

- “Азаттык”, силер көз каранды болуп калгансыңар. Мурдагы президент Атамбаев силер менен жакшынакай достук мамиле түзгөн. Ошол мамилеңер азырга чейин сакталууда. Бул көрүнүп турат”, - деп айтты Исхак Масалиев түз эфирдеги суроолорго жооп берип жатып. Бул сөзгө берүүнүн алып баруучусу, журналистикада өз жолун таап, такшалып келаткан мен урматтаган инилеримдин бири Бакыт Асанов контр суроо берген жок. Же “жок, андай эмес, мындай” дегендей каршы пикир, аргумент айткан жок. Жанында турган башка үч эксперт да Масалиевдин бул пикирине каршы сөз айта албады.

Ушул эле ойду, ушундай эле маанидеги пикирди үч күн мурда журналист Эрнис Кыязов да айтып чыккан эле. “Азаттыктын” бул иликтөөсүнө жооп кылуу менен Эрнис Кыязов эмне үчүн өлкөдөгү бардык иштердин башында турган Атамбаевдин аты аталбайт, калыс иликтөө болсо эмне үчүн Атамбаевге байланышкан жагдайлар кошулган эмес деген суроону койгон. Андан ары тээ жай саратандан бери “Азаттыктын” өзүнө карата коомчулукта айтылып жаткан непотизм, саясий коррупция, эл аралык журналистикага тиешелүү принциптер бузулушу, тээ Америкадан каржыланып, өзүн эл аралык таасирдүү медиа каражаты эсептеген бул мекемеде да баягы эле “кыргызбайчылыктар” жайылып кетиши, “Азаттыктын” кадр саясатындагы алешемдиктер боюнча маселелерди узун сөз кылып, өз алдынча талдап, анализдеген. Бирок Эрнис интернет айдыңында бул берүүсүн көрүп-көрбөй, түшүнүп-түшүнбөгөн жаалданган топтун, айдактама пикирлердин төө бастысында калды, анын ичинде фейк чабуулга да кабылды.

Бул жерде Раим Матраимовду, же азыркы бийликтегилерди коргогон эч ким жок. Раим миллионбу, башка миллионбу кылмышы далилденсе жазасын алсын. Коррупция менен күрөштө аёо болбошу керек. Баарыбыздын каалаганыбыз ошол. Анан эле “Азаттыктын” иликтөөсүнө сын айтып койгондун баарын эле “тигинин кишиси, мунун кишиси” деп айыптап жаткандарга таң калам. Кеп ошол “Азаттыкка” айтылган дооматтар да калыс иликтенип, өз баасын алышы керектиги тууралуу болуп жатат. “Азаттыктай” медиа каражаты азыр кыргыз коомуна аба менен суудай керек, аны эч ким четке каккан жок. Институт катары “Азаттыкка” эч ким каршы чыккан да жок. Болгону коомчулукта “Азаттык” кандай болушу керек деген суроо коюлуп, бизге эч кандай “чылык-былыктарга” чулганбаган, бийликтеги саясатчылардын коюн-колтугуна кирбеген баштапкы арзыматчылыгы жок “Азаттыкты” кайтарып бергиле деген талаптар айтылууда. Айтылуу Нарын Айып агай айтмакчы, кеп ошондо... Анан түшүнүп-түшүнбөй эле бири-бирибизге асыла бергенден алыс болсок, урматтуу достор!

Маалымат тележурналист Шайырбек Эркиндин Фейсбук баракчасынан алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости