www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Санкт-Петербург шаарында өлтүрүлгөн 11 жаштагы Салмон Мадумаровдун апасы камактан бошотулду. Бул тууралуу россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, 5-февралда каза болгон баланын апасы — 39 жаштагы Н.Мунавар адам өлтүрүү беренесинин негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алынган. 16-февраль күнү тергөөчүлөр аны камактан бошотуу боюнча сотко өтүнүч кат жолдошту.

«Полиция кызматкерлери анын 26-январь күнү футбол ойноо үчүн сыртка чыгып, дайынсыз болгон 11 жаштагы уулунун жоголушуна катыштыгы бар болушу мүмкүн экенин божомолдоп жатышкан», - деп айтылат маалыматта.

Бирок Н.Мунавар камалгандан кийин анын күйөө баласы Д.Жалилов баланы өлтүрүп, денесин катып койгонун мойнуна алган болчу.

Буга чейин АКИpress агенттиги ИИМге шилтеме берүү менен Санкт-Петербург шаарында 11 жаштагы кыргызстандык баланын денеси табылганын билдирген.

Маалыматка караганда, каза болгон бала Россияга апасы экөө болжол менен 1 ай мурун келген. Анын жоголгондугу тууралуу арыз атасынан — Кыргызстандын 41 жаштагы жаранынан 26-январь күнү кечинде түшкөн. Ал кичи автобустун айдоочусу болуп иштейт. 28-январь күнү Санкт-Петербургдун тергөө комитети 11 жаштагы баланын жоголуусу боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козгогон.

Москва райондук соту 5-февралда тергөө комитетинин өтүнүчүн канааттандырып, баланын 39 жаштагы энеси жана анын 23 жаштагы күйөө баласы камакка алынган. Буга чейин 11 жаштагы баланын жүргөн жери белгисиз болуп жаткан.

Россиянын ички иштер министрлиги уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү координациясы жана Кыргызстандын ИИМнин Россиядагы өкүлчүлү менен бирге кылмыштын бетин ачуу үчүн ыкчам издөө иш-чараларын жүргүздү. Анын жыйынтыгында 6-февраль күнү жоголгон бала өлтүрүлгөнү аныкталып, денеси табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, баланы муунтуп өлтүрүшкөн.

Аталган оор кылмышты жасоого Кыргызстандын 1995-жылы туулган жараны (Ош шаарынын тургуну) Ж.Д. шектелип жатат. Кармалган жигит көз жумган баланын ата-энесинин күйөө баласы экени такталды. Шектүү аны өлтүргөндөн кийин денени унаа менен «Купчино» метросунун артындагы ээн жерге алып барган.

Буга чейин Санкт-Петербург шаарында өзүнүн баласын өлтүрүүгө шектелип 39 жаштагы кыргызстандык аял кармалганын «Фонтанка.ру» басылмасы жазып чыккан.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости