www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун мурунку жетекчиси Жоомарт Жумабековго жакында эле 2016-жылы Өзбекстандан жер семирткич сатып алуу иши боюнча мамлекетке 8 миллион сом зыян келтирди деген далилдүү жүйөө менен кылмыш иши козголгон.

Мындан баш­ка да анын былык иштери четинен чубалжып чыгууда. Ал аталган фондду жетектеп турганда иштебей эле жемкорлук менен алектенип турган окшойт. Биздин гезит бул фонддун азыркы жетекчиси Гуламжан Анарбаев менен кенен маектешип, элге жете элек бир топ кызыктуу маалыматтарды айтып берди. Маселен, ал өз сөзүндө:

 “Талас облусундагы буудай сактаган кампаларыбызды текшерип, эсебин алышканда, ал жерде миң тоннадай буудай жетпей калды. Негизи, Талас облусунун элине 300 тонна буудай запаска туруш керек болсо, негедир 7-8 миң тоннадай сатып алышкан экен. Биз бул боюнча бардык материалдарды Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүп берип, Өкмөт башчыга да маалымдоо ката­ры кат жаздык” – деп жең ичиндеги жемкорчулукту ачыктады.

Эске сала кетсек, Таластын элинен мамлекеттин акчасына сатып алынган 1000 тонна буудайды ошол кездеги жетекчи Жоомарт Жумабеков өз адамдары аркылуу ишке ашырган. Талас Жумабековдун кичи мекени. Эми бул боюнча да кылмыш иши Жумабековдун мойнуна илине турган болду.

Ал эми Гуламжан Анарбаевдин биздин гезитке берген фонддогу коррупция жана акыркы учурларда жетишкен ийгиликтери тууралуу кенен маегин гезиттин 5-7-беттеринен окуңуз.

Булак: "Багыт" 

Последние новости