www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 26-июнда Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан өлкөгө 554 Кыргыз жараны келди. Анын ичинде 2 жашка чейинки 41 бала бар. Бул тууралуу маалыматты республикалык штабдан билдиришти.
Каттамга төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар, жаш балдары бар аялдар, Санкт-Петербург шаарында жана Ленинград облусунда жогорку окуу жайда окуган студенттер, ошондой эле Орусияга мурда хирургиялык операция жана башка медициналык процедура кылдырууга баргандар, ден соолугу оор абалдагылар, жакындары кайтыш болгондор, жашоосу оор кырдаалдагы адамдар тандалып алынган. Бардык келген жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.
Бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмесин Санкт-Петербург шаарында жашаган кыргыздардын өз ара ыкчам штабына караштуу Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз активисттеринен турган диаспоранын, кыргыз студенттеринин, КМШнын парламент аралык ассамблеясындагы өкүлдөрүнөн, Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин канцеляриясынын жана Санкт-Петербург шаарындагы ардактуу консулдугунун кызматкерлеринен турган комиссия түзгөн.
Булак: NazarNews.kg