www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-июнда Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын өлкө башчылары телефон аркылуу сүйлөштү. Анда Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго жана Кыргыз аскерлерине ыраазычылыгын билдирди. Маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жактын тең кызыкчылыгындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Владимир Путин Сооронбай Жээнбековдун Москвага келгенине ыраазычылыгын билдирди жана аскер парадына катыша албай калгандыгын өкүнүү менен белгиледи. Ошондой эле Орусиянын президенти Жеңиш парадынын катышуучуларынын катарында өз өлкөсүн татыктуу көрсөткөн Кыргыз аскер кызматкерлерине дагы ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков Москва шаарындагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата майрамдык иш-чараларга катышууга чакыруу үчүн ыраазычылыгын айтты.

Аскер парадына катышуудан баш тартуу чечими эң биринчи кезекте ардагерлер менен чет элдик делегация башчыларынын саламаттыгына кам көрүү менен шартталганын белгиледи.

Ошону менен бирге кыргыздар Москванын Кызыл аянтында Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунун аскерлери жеңишке жетишкен ата-бабаларындай болуп параддан өткөндөрүн чоң кызыгуу жана сыймыктануу менен көрүшкөнүн баса белгиледи.

Эки мамлекет жетекчилери стратегиялык өнөктөштүктү жогорку деңгээлде колдоо боюнча макулдашышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости