www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык сотунда бъгън, 26-июнда Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун бөгөт чарасы боюнча өтүнүч каралды. Бул тууралуу журналисттерге Кимсановдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

 Ал билдиргендей сотко Кимсановду абакта кармоо мыйзамсыз экени тууралуу өтүнүч келтирилген. Натыйжада шаардык сот райондук соттун токтомун күчүндө калтырды.

Буга чейин адвокат Биринчи май райондук соту Кимсановдун бөгөт чарасын 16-августка чейин узартып, аны борбор калаадагы №1 тергөө абагынан Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына которуу тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

Белгилей кетсек, Кимсанов башка бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин токмоктоо тууралуу арызынын негизинде быйыл февралда Россиядан кармалып келген.

Кимсанов быйыл 22-фервалда Санкт-Петербург шаарында кармалган. Бишкекке жеткирилгенден кийин сот аны адегенде үй камагына чыгарып, 31-мартта тергөө абагына камаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости