www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көрүүчүлөргө «Санта-Барбара» сериалындагы ролу менен белгилүү болгон америкалык актер жана режиссёр Лэйн Дэвис Тажикстан жана анын эли менен таанышууну каалай турганын айтты. Бул тууралуу ал «Азаттыктын» тажик кызматына берген маегинде билдирди.

Айтымындан, ал саякаттаганды жана «Санта-Барбара» сериалын жактырган адамдар менен сүйлөшкөндү жакшы көрөт. «Ошондой эле мага башка маданияттар, салт-санаалар кызык... Мен буга чейин 8 постсоветтик өлкөдө болуп кайткам, арасында Кыргызстан, Казакстан жана Азербайжан бар», - деди ал.

Лэйн Дэвис Тажикстанда боло электигин жана ал өлкөгө барууну каалай турганын белгиледи. «Тажикстанда биз көрө турган көп нерселер бар деп ойлойм», - деген актер Өзбекстанга баргысы келгенин да жашырган жок.

Дэвис ошондой эле маегинде сериалдагы ролун дагы деле жакшы көрөрүн белгиледи.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости