www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө мыйзамында көрсөтүлгөн тартипке ылайык, Жалал-Абад шаарындагы жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышып жаткан саясий партиялардын жарыя, көрнөк-жарнактарын илүүдө кетирген катачылыктары, жарнак илинген жайлардын ээлеринин уруксаты жок жана мыйзам жол бербеген коомдук жайларга илгенине байланыштуу “Өнүгүү-Прогресс”, КСДП, “Мекеним Кыргызстан” жана “Ата-Журт” саясий партияларына эскертүүлөр берилди.

-Ошондой каржы маселелери боюнча берилип, шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттар жана каржы чыгымдарынын отчёту өз учурунда аймактык шайлоо комиссиясына берилбегендиги да эске алынды. Буга байланыштуу “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан”, “Ата-Журт”, “Бүтүн-Кыргызстан” жана “Республика” саясий партияларына эскертүүлөр берилди, – дейт Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бариса Турдубаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости