www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандык активист Санжар Исаев ошол 2005-жылдагы элдик революция менен 2010-жылдагы кан суудай аккан куралдуу төңкөрүштү салыштырды.
Ал кыргыз элинин он беш жылдык сабыры жетер жерине жетип, андан ары чыдап олтурууга мүмкүн болбой калганын билдирди. Ал мындай пикирин өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Мына бүгүн 2005-жылы 24-мартта болуп өткөн элдик революцияга 16 жыл толуптур. Акыйкат сүйлөй турган болсок, бул күндү календарга атайын дата катары белгилеп, ар жылы майрамдасак жарашмак. Себеби, бул революция өлкөбүздүн он беш жылдык талоонго учураганынын, бар быдырыбызды талкалашып элди ишсиз койгондугунун, кыргыз элинин жашоосу болуп көрбөгөндөй байкуш акыбалга түшүп, өлкөнүн экономикасы дальше некуда болуп калганынын кесепетинен болгон элдик толкундоо, наразычылык болчу. Кыргыз элинин он беш жылдык сабыры жетер жерине жетип, андан ары чыдап олтурууга мүмкүн болбой калгандыктан чыккан көтөрүлүш эле.
Мына эми ошол 2005-жылдагы элдик революция менен 2010-жылдагы кан суудай аккан куралдуу төңкөрүштү салыштырып көрөлү:
Төмөндөгү видеодо 2005-жылдагы ревоюциядан, ошол эле убакта 2010-жылдагы кандуу төнкөрүштөн үзүндү көрсөтүлгөн.
2005-жылдагы революцияга чыккандар: аял-эркектер, карылар-жаштар, а түгүл жаш балдар да жүргөнүн көрсө болот. Адамдардын колдорунда куралдар эмес, плакаттар. Күч түзүмдөрүнө кол салуу, машиналарды оодарып, өрттөп, магазиндерди тоноо жок. Революция деген аты эле болбосо, бир караган адамга илгери 1-майда майрамдалуучу парад-демонстрациядан элес берет. Бул революцияда Акаев эч жакка качпаса деле болмок. Анын чекесине бирөө чертип да койбойт эле, себеби нараазы болуп көчөгө чыккандар: маданияттуу, союздун тарбиясын көргөн тартиптүү, мыйзамды сыйлаган адамдар болчу. Бакиев, Акаевди абакка тыкпайт эле, тескерисинче экс макамын берип, ызат-урматын ордуна коймок. Мындай экенине мен бөркүмө ишенгендей ишенем, себеби, Бакиев салттагы, чоң тамга менен айта турган мырза адам. Революциядан кийин өлкөнү мыйзам жолуна сала турган парламент бар болчу. Бакиев элдик кыймылдын төрагасы болуп туруп, бир да мыйзам бузуучулукка жол койгон эмес.
Ал эми 2010-жылдагы төнкөрүш, бул эл ичинен чыккан эл душмандарынын жеке кара башынын кызыкчылыгы үчүн болгон куралдуу, кандуу мыккачылыгы эле. Бул төңкөрүштүн эң алгачкы башталгыч максаты эле кан көксөп, элдин канын төгүү болгонун Атамбаевдин: «миң адамдын каны төгүлсө да биз бийликти өз колубузга алабыз» деген сөзүнөн билсек болот. Якобы Бакиевский үй-бүлөлүк кланды кулатып, татыктуу бийлик алып келебиз деген адамдар митинге чыккандарды аракка тойгузуп, курал-жарак саткан магазиндерди тонотуп, ИИМдин арсеналында турган куралдарды карактатып, кызматын өтөп жаткан жоокерлерди ур-токмокко алышып, алардын да куралдарын тартып алышып, машиналарды өрттөп, Ак үйгө бастырып барабы?
Ошол кездеги башкы прокурор Байболов Ак үйдүн жанынан 18 киши каза болгонун айтып чыккан. Бул сөздү Темир Сариевдин өз оозу менен айткан: «Митинг бүтүп, биз ак үйгө киргенибизде жалпысынан 36адамга ок тийди» деген сөз тастыктап жатпайбы. Демек, 36 адамга ок тийип, алардын 18 адамы каза болгон деп тыянак чыгарсак болот. Убактылуу Өкмөт ар кайсыл жерде ар кандай себептер менен өлгөндөрдү ташып келишип, өздөрүнүн пайдасынын эсебине кошо беришкен.
2010-жылы төнкөрүшкө чыккандар 2005-жылдагылардан айырмаланып, өз кара курсактарын гана ойлогондор, төрт тыйын үчүн атасын сатып таштай тургандар, иш жакпас дармоеддер, эл бөлгөн трайбалистер чыгышкан. Жакшы ой менен митинге чыккан адекватный адамдар митинг бүткөндөн кийин шаарды тонобойт, алдынан чыкканды өртөбөйт, кызматын кылып жаткан күч түзүмдөрүн токмоктобойт болчу. Эгер эле Бакиев Ак үйдү таштап чыгып кетпей, бул жапайылардын колуна түшүп калса, эмне болоорун мен элестете да албайм, сөз менен кагазга жаза да албайм. Таласта Молдомуса Конгайтиевди эмне кылышты? Эмнеси болсо да ал жерде анын жанын сактап калышты. Ал эми Бишкекте кутурган иттерден бетер жинди болуп кеткен жылаңач «баатырлар» Бакиевди соо коюшпайт эле.
Ал эми бийликти колго алгандан кийинки Убактылуу Өкмөттүн шакалдарынын жеген богун бул дүйнөдө эч ким жебеген болуш керек. Он төрт бузуку биригип алышып, өздөрү мыйзам чыгаруучу, башкаруучу, аткаруучу бийликти ээлеп алышкан. Өлкөнү тоношуп, ячейканы уурдашып, керегинче байып алышкан. Буларды тергөө кылып текшерип, жазага тартып соттой турган органдар да өздөрүнөн болуп жатпайбы. Жогорку Кеңеш жок, кыскасы сам дежурный, сам дневальный рядовой Мамедов эле болушкан бул шакалдар.
Бул касапчылар ошону менен эле токтоп калышпады, себеби миң адам өлөт деген алдыларына койгон пландары ишке ашпай 90 бала өлбөдүбү. Жашырбай эле грубо айта турган болсом, өлүктөрдүн санын миңге жеткирүү үчүн Кадыржан Батыровду колдонушуп, түштүк согушун башташты.
Максаттарына да жетишти, канча үй-бүлөнүн жаздыгын кургатышты, баласын жоготуп эне, жесир калып аял, жетим калып бала ыйлады.
Бакиевди түштүктө миллиондогон адам колдоп чыкканбыз, бирок Бакиев элдин канына залалым тийип калбасын деп, өлкөнү таштап чыгып кетти. Ал эми Атамбаев болсо, өзүн хан сарайында 500дөй жугундукор коргоп койсо, куралдарды топтоп, таш төктүрүп, өзүнчө республика түзүп: «келгенди атып өлтүрөм» деди. Атып да өлтүрдү, майып кылып да максатына жетти. Элди түштүк, түндүккө бөлүп ажырым кылды. Эгер 8-августа аны кармап келип камабаганда, сентябрь айында борборубузда мурда адам көрүп билбегендей кан төгүлөт эле. Атамбаевчилер курал топтоп, сентябрды күтүп жатышкан. Атамбаев адамдардын канынын төгүлүшүнөн удоволствие аларына толук көзүбүз жетип деле бүткөн да.
Мына урматтуу окурман: эки адам. Өлкөнү башкарган эки президенттер. Бирок экөөнүн ортосунда асман жердей айырма бар. Экөөн эч качан салыштырып болбойт. Ушул нерселерди билип, көрүп туруп: «Бакиев жаман» дегендер жугундукорлор эмей кимдер? Болгондо да ак караны ажырата албай калган, акыл эсинен айрылган гени бузук жугундукорлор. Ит болсо деле өзүбүздүн уул болсун деген эл бузар жугундукорлор.
2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн кылган кылмыштарын топтоп жаза турган болсо, томдогон китеп жаралмак. Ар бир өлгөн адамдын тагдыры, кандайча өлгөнү өзүнчө китеп болмок. Андай күндөр да келет кудай буюрса. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев Ош, Жалал Абад коогалаңын иликтетип акыйкатты чыгарабыз деген элге берген сөздөрү бар.
Ал үчүн Курманбек Салиевичти үй-бүлөсү, жакындары менен өлкөгө алып келиш керек. Аларсыз акыйкат эч качан жарыкка чыкпайт. Акыйкатты ачыкка чыгарып, айтып жүрө турган кылып тарыхта калтырып койгондон кийин гана ишибиз алга жылат. Ушул нерсени жаңы бийлик эсине тутуп жүрсө жакшы болмок. Себеби өлгөндөр ыраазы болбой, тирүүлөрдүн иши жүрүшпөйт», - деп белгиледи ал.
Булак: NazarNews.kg