www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 17-майда Жогорку Кеңеш, Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун негиз кылып токтом кабыл алды. Ага жыйынга катышкан 106 депутат “макул” деген добуш берип, бир дагы депутат каршы болгон эмес. Жыйынтыгында Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун негизинде токтом кабыл алып, президентке жөнөттү.
Ошентип ТЭЦден жегендерге, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы комитети көзөмөл кылып, эми аз күндүн арасында, эл ырыскысына кол салган “уурулардын” көпчүлүгү бири-бирин жетелеп, темир тор артына кетет.
Азырынча, ЖЭБ боюнча өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Темир Сариев жана башка жетекчилер депуттардын суроолоруна жооп берип, калган Сапар Исаков какшап айткан күнөөлүүлөрдүн тизмеси элге толук жарыя боло элек.
Бизге жеткен тар чөйрөдөгү маалыматтарга таянсак, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков 2-3 күндүн арасында камакка алына тургандыгын уктук. Ага кылмыш иши Тогуз-Тородогу болуп өткөн окуя, ГЭС куруунун айланасындагы чыр, Бишкек ЖЭБдеги кырсык, "Акылдуу шаар" жана башка маселелер.
Баса, Сапар Исаковдун учурда Түркияда эки заманбап мейманканасы бар экендиги тууралуу “имиштер” айтылып жүрөт. Ошондой эле Максим Бакиевге тийешелүү коттедждерди, бир тууган иниси Капар Исаковго арзан баада менчиктештирип койгону айтылууда.
Булак: NazarNews.kg