www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ЖЭБдин директору Андрей Воропаев парламентте 600 доллардык кычкачты көргүсү келгендерге бир чемодан инструменттерди алып чыгып, аны менен кошо бир түрмөк лентаны көрсөтүп, ушунун баары 320 доллар болгон деп айткан.

Анын бул айтканын ЖЭБдин мурунку директору Нурлан Өмүркул уулу  калпка чыгарып, баасын кийин көтөрүп жиберишкенин билдирген. Айрым депутаттар укук коргоо органдарына Воропаевдин калп айтып жатканы үчүн жыйындар залынан кармап кетүү керек экенин айтып кайрылган.

Ошондон эки күн өтпөй Воропаевди УКМК чакырып, бир чемодан инструменттердин чыныгы баасы тууралуу маалымат алышыптыр. Ал тургай ЖЭБге чейин барып, ал жердеги кампада турган инструменттерди да көрүп, Воропаев көрсөткөн бир түрмөк лента кычкачка кошулбай, бөлөк сатылып алынганын далилдешиптир.

ЖЭБдеги жумушчулар да баарын айтышыптыр. Воропаев элди алдаганы үчүн айласы куруп турат дешүүдө. Ал тургай 386 млн долларга ЖЭБ оңдолот деп бычылганда, Воропаев эч нерсеси жок эле базардагыдай болуп соодалашып 396 млн доллардан 386 млн долларга түшүрүп коюшканы таң калыштуу деп нааразы болгон пикирин да суракта далилдептир.  

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости