www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сапар Исаков өкмөтү бекиген күнү «мен «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырам» деп убадасын катуу берген. Биринчи «октябрдын аягына чейин негизги жол кесилиштерде видеокамералар орнотулат» деп айткан. Ал ишке ашкан жок. «Мага дагы бир ай бергиле, мына бүтүп калды» деп жаш баладай журналист кыздарды алдап, ал сөзү дагы ишке ашпай калганда, бир да кызарып койгон жок.
Аныгында элдин баары жаңы президентке алаксып, жаңы жыл шаан-шөкөтү болуп калды. Январь айында Исаков килейген презентация өткөрүп, «Кытайдын «Хуавэй» дөө компаниясы бизге бепбекер салып бермей болду» деп жарыялады.
Контракт суммасын 60 миллион доллар түзөрүн айтгы. Эч кимге белгисиз «Ака-Минералз» деген фирма орто жерден чыга калып, ал «инвестор» жарыяланып, 9 миллион доллар кошмой бодду. Элдин билимдүүлөрү ошол замат Исаковго «бул долбоордун техникалык негиздемеси кана? Сметасын ким түздү? Аны эмне үчүн жарыялаган жоксуңар?» деп суроо бере башташты. Исаков жооп берген жок!
«Эмне үчүн 60 миллион доллар? Эмне үчүн 56 миллион эмес? Же болбосо 42 миллион эмес? Муну ким эсептеди? Бул акчаны биз төлөйбүз го, эсептеген бирөө барбы?» деп, келишимге кол койгон шоопурдун оң колу, өкмөттө инвестиция үчүн жооптуу болуп дайындалган Эсен Момункуловдон сурап баштадык. Жооп жок. «Эмне үчүн өкмөт бүт кыргыздын ар бир кадамын аңдый турган, биз жөнүндө тымызын маалымат топтоло турчу борборду Кытайга толугу менен өткөрүп берип атасыңар? Аларды ким көзөмөлдөйт? Буга ким жооп берет?» дедик. Жооп жок. Ал ортодо Исаков Давоско учуп кетти. Аяктан келип Дубайга кетти. Биз болсо Бишкекгин ТЭЦи жарылып, чилдеде тоңуп калдык. Кызыктын баары ошондон кийин башталды. Мурунку бийлик эң көп мактанган ийгилиги - кыргыздын тарыхындагы эң чоң афера экени ачыкталып калды. Ага кеткен 386 миллион доллар ТЭОсу жок сарпталганы, эч кандай көзөмөлү жок жүргүзүлгөнү, 600 долларга аттиш (шюскогубцы), 14,500 доллардан видеокамералар орнотулганы элге ачыкталып калды.
Так ошондон кийин гана, эртеси Исаковдун нерви чыдай албай, эң чоң «Акылдуу шаар»долбоорунан баш тартууну туура көрдү. Анткени түшүндү кыңыр иш кырк жылда эмес, андан тез эле билинерин. Бул боло турган эле иш болчу. Ташкент, Алматыда «Акылдуу шаар» долбоорлору 100 эсе арзан, мамлекеттин өзүнүн күчү менен ишке киргилгени да анык болчу. Аташкасы мактаган Исаковдун ушу менен акыркы абийири кетти. Азыр жалпы эл өкмөткө бир тыйынчалык да ишенбейт. «Таза жашоо» деп атпайбы Исаков. Ошол тазалоону өзүнөн баштасын! Күтүүсүз отставкасын талап кылуудан башка жол жок!
Ансыз да эл аралык коомчулук ишенбей калды...
Булак: “АЗИЯnews”