www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргыздын учурдагы аткаминерлердин айрыкча ТЭЦдеги 886 млн АКШ долларын жеп койгондордун кекиртегине 600 долларга алган кычкач тыгылсын. Элдин камын ойлобогон акмактардын, бизге эмне кереги бар. Булар кыргыз элинин душмандары”, -  деди, бүгүн 15-апрелде NazarNews.kg маалымат агенттигине 70 жаштагы Жеңишбек Жумакадыров.

“Бишкекгин ТЭЦи жарылып, чилдеде тоңуп калдык. Баарынан таң калычтуусу кыргыздын тарыхындагы эң чоң афера ачыкка чыкты. Демек булар дүйнө жүзүндөгү аферистерди басып өтөт. ТЭЦти өткөн жылы Алмазбек Атамбаев баш болуп, 386 млн долларга модернизация кылдык деп лентасын кескен. Быйыл эмне болду. Иттей шермендеси чыкты, ит эле эмес эшек болушту. Көрсө бул көк мээлер, эч кандай көзөмөлү жок эле акчаны сол чөнтөккө сала берген тура. Карабайсыңбы кычкач 600 доллар, видеокөзөмөлдөгүчтөр 14,500 доллардан орнотулганы элге ачыкталып калбадыбы. Капырай, бул эмне деген шумдук. Элдин ырыскысына ушундай да кол салабы? Эртең эле кытай карызын кыстап келсе, эмне кылабыз. Аларда мыйзам деген каттуу иштейт. Ай акмактар, кекиртеги тешилсин. Мындайды кыргыз элинин сырткы душманы дагы кылбаса керек”, деди Жеңишбек Жумакадыров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости