www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-премьер-министр Сапар Исаков Ак үйдө Алмазбек Атамбаевдин оң колу болуп турган кезде Орусиянын “Газпромунун” Кыргызстандагы “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” компаниясынын директорлор кеңешинде мүчө болуп турган. Бейрасмий маалыматтарда, ал мүчөлүгү үчүн айына 10 миң доллардан сый акы да алып турган. Албетте, бул кызматты С.Исаков өз деңгээлинде актап, Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө астыртан “Газпромдун” кызыкчылыгын алып барганы айтылууда. “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” кыргыз-орус биргелешкен ишканасы орусиялык “Газпромнефть-Аэро” компаниясынын “кызы”, ал Кыргызстандагы аэропортторду күйүүчү май менен камсыздаган ири монополист болуп эсептелет.

Бирок, Сапар Исаков бул маалыматты жарым-жартылай моюндаганы менен, сый акы алган, компаниянын кызыкчылыгын лоббилеген деген бөлүгүн четке кагууда. Бул тууралуу ал жактоочусу аркылуу кандайдыр бир документтерди алып чыгып, жар салды. Жактоочусу Нурбек Токтакунов “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” компаниясына маалымат сурап кайрылып, ал жактан “Сапар Исаков биздин директорлор кеңешинде 2011-жылдан 2015-жылга чейин мүчө болуп иштегени чын, бирок ал сый акысыз иштеген, анын талапкерлигин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду сунуштаган” деген расмий жооп алган. Бул эми алардын расмий жообу. Ал эми Кыргызстанда орустар менен кытайлар катышкан долбоорлордо расмий алакадан тышкары, мыйзамдарды айланып өтүп, сол чөнтөктөрдү аралай чапкан бейформал мамилелер абдан актуалдуу эмеспи. Бул жааттан алганда “Газпромнефть-Аэро Кыргызстандын” расмий жообуна эч ким деле ишенбейт.

Кыргызстанда Алмазбек Атамбаев президенттикке келип, анын тышкы алакадагы ишенимдүү адамы катары Сапар Исаков пайда болгондон баштап Орусиянын таасири кескин күчөгөн. Орусия-Кыргызстан алакасынын эң ширелүү түшүмүн “Газпром” компаниясы көрүп, Кыргызстандын отун-энергетика комплексин бүтүндөй колго алган. Алексей Миллер Кыргызстандын эң сыйлуу коногуна айланып, ал кандай демилге көтөрбөсүн кыргыз Ак үйү кош колдоп кубаттап берип турган. Ошондуктан, Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаковдун өз саясий абалдарын пайдаланып “Газпромдун” кызыкчылыгын ар тараптуу колдоп келгени жашыруун эмес. Ал эми бизнес кызыкчылыктын артында сый акы берүү, бири-бирин ыраазы кылуу расмиси бар эмеспи. Болгондо да бүтүндөй бир мамлекет менен миллиарддык бюджети бар компания биргелешип бизнес жасап жатканда сый акылар миңдеп эмес, миллиондоп берилиш мүмкүн.

Сапар Исаков учурда камакта отурат. Ал тергөө органдары тарабынан ТЭЦти модернизациялоодо ири жемкордукка катышкан деп айыпталууда. Маалыматтарда, ал өз кызмат абалынан пайдаланып ТЭЦти 386 млн долларга реконструкциялаган кытайлык ТВЕА компаниясын кызыкчылыгын жылдырып кызмат көрсөткөн. Кытайдан тартылган инвестициянын 150 млн доллардан (Максим Бакиевдин сүйлөшүүлөрүндө) 386 млн долларды чапчып кетишинде жана аны мамлекеттик жетекчилердин кызыл кекиртектерине сиңирүү боюнча схеманы түзүүгө Исаковдун тыгыз катышы бар экендиги айтылып келет. Ал схема боюнча жемкордук иштерине Кыргызстандын энерготармагынын топ-менеджерлери менен жогорку эшелондогу саясий кызмат адамдары тартылган. Натыйжада, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, экс-министр Осмонбек Артыкбаев, экс-мэр Кубанычбек Кулматов, Улуттук энергохолдингдин экс-башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ААКнын экс-башкы директору Салайдин Авазов жана башкалар камакта отурушат. Бул ишке тыгыз катышы бар делген Аскарбек Шадиев өлкөдөн качып чыгып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости