www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомчулуктун шек-шыбырына, сынына кабылган эски бийликтин эки үлкөнү бар эле, Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаев... Акыр-аягына чейин Алмазбек Атамбаев менен бирге болууга духтары жетпегени, «Форумдагы» иш-чаралардан окчун болушканы кызык. Экөө акырындык менен нейтралдашып, Соке тарапка өтүүгө дилгирленип атышканы тар чөйрөдө кызуу кепке айланды.

Эске салсак, Жолдубаева башкы прокурор, Сегизбаев УКМК төрагасы болуп, Атамбаевдин амири менен түштөрүнө кирбеген креслолорду минишкен болчу. Оңой келген кызматтарда жөн иштешпей саясый куугунтуктарды күчөтүшүп, бизнестерди «крышевать» этишкени, миллиондорду чапчыган контрабаңда чуулгандарына көзөмөл кылышканы жалганбы?

А болбосо бүгүнкү байлыктарын, элиталык кымбат баалуу үйлөрдү кайдан алышмак эле? Эми тагдырдын тамашасын кара, кыйын кезеңде күнү-түнү шефине туруп бере турган мезгил келгенде, булардын тетири кетишкени эмнеси? Мындай кубулма жоруктарына баа берилсе, так «диагноздору» коюлса керек.

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости