www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен экс-мэр Албек Ибраимовго мамлекеттер аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу ЖАМКдан билдиришти.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, 6-октябрга караган түнү Ак үйдү алышкан. Кийин абактагы бир нече саясатчыны чыгарып кетишкен. Алардын арасында Сапар Исаков менен Албек Ибраимов да бар эле. Сапар Исаков буга чейин журналисттерге эркиндикке жети эле күнгө чыкканын билдирген.

“ЖАМК соттун чечимине жана тергөөчүнүн токтомуна таянып берилген мөөнөттө абакка кайтып келбегени үчүн Сапар Исаков менен Албек Ибраимовго мамлекеттер аралык издөө жарыялады”, - дешти ЖАМКдан.

Исаков менен Ибраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине ("Соттолгондордун абактын аймагынан чыгышы") ылайык, 13-октябрга чейин сыртта жүрүүгө уруксат берилген.

13-октябрь күнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы түшкү саат 13:00гө чейин Сапар Исаков менен Албек Ибраимовдун абакка өз ыктыярлары менен кайтып келишин күтүшкөн. Бирок экөө тең келген эмес. Саясатчылардын каерде жүргөнү бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Буга байланыштуу издөө жарыяланды.

Булак: NazarNews.kg
 
Последние новости