www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-январда Бишкекте "Ачык өкмөт" өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин конференциясы өтүүдө. Ага өкмөт башчы Сапар Исаков, өкмөт мүчөлөрү, жарандык коомдун жана эл аралык "Ачык өкмөт" өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин өкүлдөрү катышууда. Конференцияда өкмөт башчы Сапар Исаков сөз сүйлөп, ал демилгенин алкагында Кыргыз өкмөтү ачык иштеши үчүн бир топ иштер аткарыла турганын белгиледи.

"Биздин өлкө бул демилгеге Орто Азиядагы өлкөлөрдүн арасынан кыска аралыкта биринчи болуп кошулду. Өнөктөштүк алкагында бир топ иштер аткарылып, өкмөт ачык болот. Демек, биз ачык болобуз жана калктан жашырчу эч нерсе болбойт. Бардык иштер элдин көз алдында болот. Биз ачык болушубуз керек. Биз элге, өлкөгө кызмат кылабыз", - деди Исаков. 

Бир тарабынан ТЭЦтеги жылуулук жок болуп жатса, экинчи жагынан Ош базары өрттөнүп жатса, Өкмөт - биз элден эч нерсени жашырбайбыз дейт. Жашырчу деле эч нерсе жок, болгону бөлүнгөн акча каражаты туура эмес жакка кеткенин премьер-министр ушунча жардамчылары менен түшүнө элекпи дагы эле? 

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости