www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Аталарыбыз оорубасын" деп, Садыр Жапаровдун атасы Нургожо атаны көрүп, ыр жаздым эле. Кайрадан окурмандарга сунуш кылууну чечтим. 

Аталарыбыз оорубасын... 
Ар бир ата "балам" -деп сыздайт, эгер баласы кыйынчылыкка кабылса. Ата-эне менен баланын ортосунда бир башкача байланыш болот эмеспи, бала оор күнгө кабылганда эч ким ата-энедей ал оорчулукту сезбейт. Кимдир-бирөөлөр ой менен сарсанаа босо, кимдир-бирөө ооруп, тамак да жей албай калат. Эл уулун өстүргөн Нуркожо ата азыр уулуна кабатырланып тамак да жей албай калган абалда. Мындай көрүнүштү адам баласы душманыга да каалабаса керек. Нуркожо атаны көрүп жүрөгү эзилип, сарсанаа болгондо, терең ойго чөккөндө мындай сөздөр кээ бир адамдарга өзү эле ыр болуп келип, калем менен кагазга түшүп калса керек... 
Бакайы турат Кошой жок. 
Бакайсың ата, уулуң Садыр Манастай. 
Бийликтин кылган буйругу тура ушундай, 
Сакалың сылап төрүндө болоор кезиңде, 
Кайгыга салып кыйнады ата сыйлабай. 

Бетеге кетет, белдери калат сумсайган, 
Бектери кетет, элдери калат улгайган. 
Кадырлуу болдуң Кыргызга ата дем болуп, 
Башыңды көтөр уулуң келээр жылмайган. 

Өстүрүп карап уулду бердиң элиңе, 
Чындыкты издеп чыркырап чыкты темине. 
Үзөңгү кагып, чылбырын тартып тузактап, 
Азыркы бийлик жолборстун түштү изине. 

Адилет болбой соттору кылат кызматты, 
Акчага сатып абийир намыс ызаатты. 
Буйругун кылып, баш ийип бийлик тарапка, 
Буктурма кылат Садыр деп күйгөн жамааты. 

Бул күн да өтөөр, атаке, жарык таң атып, 
Уулуң чыгып Кыргызга кенен жол ачып. 
Кызматын кылып, талыкпай иштеп арийне, 
Чериңди жазаар капаңды айдап таратып. 

Ооруба ата, сабырдын түбү сары алтын, 
Ыр жазды сага ден соолук каалап бир акын. 
Кыргыздын азыр Бакайы болдуң бир өзүң, 
Тарыхта сизге берилээр деймин асыл баа. 

Алтынбек Абдыракманов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости