www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күндө калаа ичинде бирден экиден тентип же топтошуп алып ээрчишип жүрүшкөн иттер көзгө көп чалдыгышат. Алар үйлөрдү, акыр-чикир салынган челектерди айланчыктап ошолордун аркасы менен жан сактап жүрүшөт. Албетте, ал челекте иттер жан сактачу көп нерселер бар. Үй ээлери эскирип калган ар кандай тамактарды убагы өтүп жыттанып же көгөрүп кеткен нандар ошол челектерге ташталат. Өзгөчө жай мезгилинде азыктар көп бузулат эмеспи. Аларга кошул-ташыл үй-жайы жок адамдар да ал челекти аңтарышат. Менин айтайын дегеним, иттер тууралуу болмокчу.
Бүгүнкү күндө иттердин жашоосу экиге бөлүнүп калган. Үйдө, короодо багылган иттер, көчөдө тентип жүрүшкөн селсаяк иттер. Короодо багылган иттерди кожоюндары күндө тамак берип жакшы багышат. Ошонусуна жараша алар короону да кайтарышып короочу болуп чоочун адамдарды, ууруларды үйгө жолотушпайт. “Ит адамга дос” деп бекер айтышпаган. Илгери таш доорунда биринчилерден болуп иттер адамга жакындаган. Ити бар үйгө уурулар да кире албайт. Атүгүл кичинекей эле кандек иттер жаналы калбай үрүп, бирөөлөрдүн келгенин билгисип турат. Ал эми калаа ичинде тантип жүргөн селсаяк иттерге анча деле маани бербейбиз. Алар өз күндөрүн өздөрү көрүп жүрө беришет. Чындыгында алардын жашоолору менен биздин ишибиз да жок. Кээде жактырбай аларды таш менен уруп кубалайбыз. Мен деле аларга анча маани берчү эмесмин. Быйыл ит жылы болгондуктан бир иттин окуясы көп эле эсиме түшө берет. Ошол окуядан кийин селсаяк иттерди дагы жакшы көрүп калдым. Атайын алар үчүн дайыма үйдөн тамак-аш таштап кетем.
Жайдын саратан мезгили болчу. Адатымча эртең менен туруп алып жумушумду көздөй жөнөгөм. Үйдөн аялдамага чейин бир топ эле алыс. Анын үстүнө жумушдагы биздин сменибиз эрте алмашылгандыктан үйдөн эрте чыкчумун. Көчөдө кыймыл да аз. Бирин-серин кишилер, машинелер. Мен жумушка жеткенде анан кыймыл башталат көчөлөрдө.
Адатымча көнгөн жолум менен аялдаманы көздөй шашыла кетип бара жаткам. Аялдамадан бир топ эле берээк жакта акыр-чикир ар кандай таштандылар салынган челектер бар болчу. Мен дайыма ошолордун жанынан өтчүмүн. Жумушума шашылып бараткандыктан ал жакка көңүл да бурчу эмесмин. Ошол челекке жакындай бергенде алдымдан бир ит жолумду торой үрүп чыкты. А дегенде чочуп кеттим, дегеле мындай болуп иттер үрүп чыгышчу эмес. Тигил челектерде даамдуу тамактар болуп, ошону бизден коргоп, кызганып жатабы деп да ойлоп кеттим. Алга жылайын десем бура бастурчудай эмес. Өзүнө жакындатпай улам жолумду торойт. Буга эмне болгон деп өзүмчө таңгалдым. Кутурган оорулуу иттерден эмеспи деп да чочуладым. Жакшылап байкасам андай деле иттерден эмес экен. Өзүн эркин кармап, тынч ары-бери басып жүрөт. Жумушума шашып жаткам, айлам кетип калды. Кечигип барсам сменшигим ачууланат. Баардык мезгилде жумуш өз убагында алмашылып келген. Коркутмакка жерден таш издедим. Анан ары жакта турган чоң ташты алып “Кет!”,- деп кыйкыра ага тап бердим. Дегеле менден коркуп койчу түрү жок. Ары жакта бир киши кетип баратты эле, аны карап үрүп калды. Ал итти бир карап алып, качкан боюнча кетти.
Менин айлам кетип турду, эми жолдун аркы бетине өтүп айланып өтүш керек. Жаңыдан кадам шилтей бергенде алиги челектердин түбүндө чүпүрөккө оролгон бир нерсенин кыймылдап жатканына көзүм чалып калды.
Ит анын жанына келет да акырын тумшугун тийгизип жыттайт да, ага эч кимди жолотпой өзүн көздөй жакындап келе жаткан адамдарды кубалайт. Жаныма дагы бир эркек келип кошулду.
-Ит өткөрбөй жатат, тээтигил чүпүрөккө оролгон нерсени бизден коргоп жакын жолотпой жатпайбы.
-Ал эмне болгон чүпүрөк экен?
-Билбейм, кыймылдагансып кетип жатат.
Бир нерседен шектене алиги жанымдагы олбурлуу жигит ары жактан узун союл таап келди да, итке тап берди. Ит андан качпай кайра асылып үрө баштады. Бизге ары жактан дагы эки-үчөө келип кошулушту. Баардыгы ишке, сабакка шашылып бара жаткандар. Жабылыша таш менен кубаламай болушту эле, ит алиги чүпүрөктөгүнү четинен тиштеп ары алып барып койду.
-Тигил чүпүрөктөгү эмне экен?
-Билбейм, айтор ошону бизден коргоп жатат.
Бир кезде ошол оролгон чүпүрөктөн ымыркайдын ыңаалап ыйлаган үнү угулду. Иштин чоо- жайы дароо түшүнүктүү болду. Демек чүпүрөктөгү ымыракай экен да. Баардыгыбыз туш-туштан жабыла итти ары көздөй кууп жибердик да, чүпүрөккө оролгон нерсеге жетип бардык.
Кудайым кечирсин, жаңы төрөлгөн ымыркай экен. Сыягы кимдир бирөөлөр бир жерден төрөп туруп, ушул акыр-чикир салынган челектердин жанына таштап кетсе керек. Кандай гана таш боор аял, көп өтпөй эле “Тез жардам” анан милиция кызматкерлери келишти. Ымыркайдын ал-ахывалы жакшы экен. Алиги ит бизден анча алыс эмес жерде кетпей ар бир кыймылыбызды аңдып турду.
Карангыда түнү менен бул ымыркайды карап, кайтарып чыккан итке ыраазычылыгым менен карап турдум. Ары жакта келемиштер ары-бери чуркап жүрүшөт. Аларды да буга жакын жолотпой кайтарса керек. Ымыркайды “Тез жардам”машинесинин ичине алып кирип кетишти. Баардыгы жай жайына тарап кете башташты. Итке менден башка эч ким көңүл бурушкан да жок. Ага ыраазы боло бир сыйра карап алып мен дагы жумушума шашылдым. Бул окуя өткөн жылдын жай мезгилинде болгон. Эгерде кышында болгондо, ымыркай эмне болот эле билбейм. Ошондон кийин көчөдөгү селсаяк иттерди да кубалабай калдым. Кудайыма тобо, ал бир адамдын өмүрүн сактап калды.
Булак: "Шамбала"