www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-январдагы Таш-Көмүр жана Кара-Балта шаардык кеңештерине шайлоонун жыйынтыктары Кыргызстандын саясатында күтүлүп жаткан чоң өзгөрүүлөрдөн кабар берди.

Бул шайлоолордо лидери да, идеясы да белгисиз “Мекеним Кыргызстан” аттуу партия дагы чоң “ийгиликтерди” жаратты. Бул партия Таш-Көмүрдө КСДПнын өзүн экинчи орунга калтырып, биринчи орунга чыкса, Кара-Балтада экинчи орунду ээледи.

“Мекеним Кыргызстан” буга чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаардык кеңештерине шайлоодо да жеңишке жетишип, бул ири шаарлардын кеңештеринде фракция түзүүгө жетишкен. Эми 31 мандаты бар Таш-Көмүр шаардык кеңешинде биринчи орунга жетишип, мэрди дайындоого камданып турат.

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын кожоюну “Ихлас” куруучу компаниясынын ээси аталып келет. Ал жигит кезинде Жантөрө Сатыбалдиев, Акматбек Келдибеков менен ишкер өнөктө болуп келген. Алардын бийликтеги доору аяктагандан кийин Атамбаевдин “вазири” Икрам Илмияновду жандаган. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын ийгиликтери мына ошол Илмияновдун колдоосу жана “Ихластын” кожоюнунун шайлоо өнөктүгүндө “өзгөчө технологияны” пайдалануусу менен байланыштырылып келет. Ал технология акчаны ыгына жараша өз убагында бере билүү экени калк ичинде айтылып келет. «Мекеним Кыргызстандын» өкүлдөрү Илмиянов менен байланышты анчалык тыгыз эмес деп, анын партия ийгиликтерине таасирин төмөндөтүүгө аракет жасайт. Бирок азыркы Кыргызстан шартында чоң саясий колдоосуз ийгиликке жетишүү мүмкүн эместиги балага да айкын.

Ошентип, “Мекеним Кыргызстандын” мына ушул ийгиликтери анын келерки (мүмкүн мөөнөтүнөн мурун) парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке келүү ыктымалдыгынан кабар берет.

Атамбаев Жогорку Кеңеште эки-үч фракция болсо жетишет деген жайы бар. Эгерде ал фракциянын биринчиси КСДП болсо, анын жанына “Мекеним Кыргызстандын” келиши абдан ыктымал.

Жогорку Кеңешке келе турган үчүнчү партия белгисиз. Сооронбай Жээнбековду жарыша жандап, колдогон “Замандашпы” же “Ата журтпу”, калктын нааразы катмарынын добуш алууга умтулган “Бүтүн Кыргызстанбы”? Муну азырынча айтуу кыйын.

Бирок, КСДП жана “Мекеним Кыргызстандын” парламентке келиши-коалиция түзүүдө Атамбаев жана Илмияновдун ортосунда сүйлөшүү болушун кабарлайт…

Булак: elnews.media

Последние новости