www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 30-январь күнү таңкы саат 4:40та Бишкек ЖЭБдеги №3-блок ишке кирди. "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, жаңы блок 150 МВт энергияны иштеп чыгат жана +88 градуска чейин жылуулук берет. Учурда системден чыккан суунун жылуулугу 66-67 градусту түзөт.
"29-январда сууну толтуруу иши башталып, учурда температура 10 градуска көтөрүлдү. Тийиштүү температура үчүн суу системде дагы 3-4 саат айланып туруусу шарт. Буга чейин жаңы блокту ишке киргизүү суунун жетишсиздигинен улам мүмкүн болбой турган. Керек болсо тартыштык эски блоктордо байкалган. Үйлөрдөгү жылуулук кечки убакытка чейин турукташат", - деп билдиришти мекемеден.
Ал эми эски от казандарды оңдоо иштери дале улантылып жатканы белгилүү болду. Ал ортодо канча адам кыйналып, үйлөрүндө үшүп отурушат. Арасында улгайган, оорукчан, жалгыз бой энелер бар.
Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу азайган.
Эки күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жылуулуксуз жана жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.
Ал эми бүгүн Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча кылмыш ишин козгоду. ошондой эле, жылуулук системасындагы авария болгондугу үчүн төлөмдөр кайрадан эсептелип чыгат.
Булак: NazarNews.kg