www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын командасы таза иштеген жана ал коррупция менен биринчи күрөштү баштаган адам.Бул тууралуу бүгүн мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берүү үчүн келген учурда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Ал Бишкек Жылуулук электр станциясын оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттын чоо-жайын жана быйыл жыл башындагы кырсыктын себептерин териштирүүдө тиешелүү адамдардын бардыгынын аты-жөнү ачык айтылышы керектигин белгиледи.
- Баары акыйкат болушу керек да. Фамилиялар аталып жатса бүт баары аталсын. Мен бул кайсыл жакка алып баратканын түшүнүп жатам. Алмазбек Атамбаев жана ал иштеген команда таза иштеген. Ошонун ичинде азыркы президент С. Жээнбеков да болгон. Ал киши деле билет Атамбаев түз жүргөн, коррупция менен биринчи күрөштү баштаган адам болчу. Ошондуктан ушунун баары жакшы натыйжага деле алып келбейт. Тергөө иштери саясаты жок жүрүшү керек. Парламентте депуттар өз иши менен, тергөөдөгүлөр тергөө менен алек болушу керек. Боёк кошуп, тиги же бул адамды күнөөлөгөн туура эмес. Күнөө сот аркылуу коюлат. Кээ бир фамилиялар айтылбай, кээ бири айтылып жатат, деген "Азаттыкка".
Булак: NazarNews.kg