www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин политтехнологдору маалыматтык таймаштан катуу жеңилүүгө дуушар болушуп, такыр айлалары кеткенде көзү ачыктарга, астрологдорго таянып, иш кылып калышканын көрүп турабыз. Муну акыркы илеге жармашуу деп коет эмеспи (Амалкөйдүн алты амалы, жети илеси бар деген лакапты эске алганда). Тактап айтсак, алар «Буга чейинки президенттердин баары 61 жашында бийликтен кеткен, эмдиги жылы Сооронбай Жээнбеков да 61 жашка чыгат, андыктан ал дагы 61 жашында бийликтен кетип калышы мүмкүн» деген кыяздагы логикаларын коомчулукка таңуулаганга аракет кылышууда.

Мындай аракеттери менен А. Атамбаевдин маалыматчылары өздөрүнүн өтө тар ойлоно тургандыктарын көрсөтүүдө. Ырас, Кыргызстандын туңгуч президенти А. Акаев, андан кийин бийликке келген К. Бакиев, өткөөл мезгилдин президенти Р. Отунбаева, кече жакында бийлигин өткөрүп берген А. Атамбаев – баардыгы 61 жашында бийликтен кетишти. Бирок, ошолордун кимисинин артынан жакшы сөз калды? Кеп мына ушунда.

А. Акаев улам бийлигин референдум аркылуу узартып атып үй-бүлөлүк бийликти орнотуп, өз элинин кызыкчылыгын эмес, жеке үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын биринчи орунга койгону үчүн, өз өлкөсүнөн куулду. Натыйжада ал биринчи качкын ажо аталып калды.

Андан кийин бийликке келген К. Бакиевден элдин үмүтү чоң эле. Тилекке каршы, ал дагы үй-бүлөлүк башкарууну күчөттү. Рейдерлик басып алуулар, саясий куугунтуктар, буйрутма өлтүрүүлөр күч алды. Буга чыдабаган элибиз аны да кууду. Натыйжада ал канкор атка конуп, учурда Белоруссиянын Минск шаарында баш калкалап жүрөт.

Андан кийин өлкөнү 1,5 жыл башкарган Р. Отунбаева «самозванка» аталды. Албетте, аны мындай атка экс-президент А. Атамбаев кондурду. Бирок, ошентсе да Роза айым башкаларга салыштырмалуу тарыхта татыктуу ордун сактап калгандай болду.

Ал эми өткөн жылдын аягында гана бийлигин мыйзамдуу жол менен, мөөнөтү аяктаганына байланыштуу өткөрүп берген Алмазбек Атамбаев жарым жылга жетпей өлкөбүздө эң чоң афераны баштаган көз боемочу, ири контрабандист, бузуку, тыштан келген кредиттердин максатсыз пайдалануусуна жол берген президент катары тарыхта кала турган болуп калды. Буга Бишкек ТЭЦинин тегерегиндеги кырдаал, «Дача СУдагы» авиакырсык ачык мисал болуп бере алат. Жакында “Датка-Кемин” боюнча да адам үшүн алган коррупциялык иштер ачыкка чыгат деп жатат.

Демек, 61 жашында бийликтен кеткендердин артынан жакшы сөз ээрчибей калганын түшүнөбүз. Андыктан, мына ушундай өнөкөттүн жокко чыгарылышы керек экендигин баарыбыз байкап турабыз. Балким, учурдагы мамлекет башчысы С. Жээнбековдун президенттик мөөнөтү анын 65 жаш курагында аяктай турганы мамлекетибиз үчүн дагы, элибиз үчүн дагы жакшы жышаана болушу мүмкүн.

Бул жышаана эмнени түшүндүрөт? Чейрек кылымдан ашык убакыт чайналган элибиздин, чайпалган мамлекетибиздин келечеги эми түз жолго түшкөнүнөн кабар берип тургандыр. Эми мындан ары мамлекет башына келген саясатчылар өздөрүнүн кызыкчылыгын эмес, биринчи кезекте элибиздин, мамлекетибиздин кызыкчылыгын жүзөгө ашырууну көздөп, ошол максатта иш жасай турганынан кабар береттир.

Ооба, буга толук ишеним бар. Себеби, С. Жээнбеков өзүнүн ушул күнгө чейинки мамлекеттик ишмердүүлүгүндө коррупцияга аралашпаганы, тазалыгы менен белгилүү. Мамлекет башындагы адам таза болсо, демек ага карап баарыбыз түздөнөбүз. Бул түздөнүү - мамлекетибиздин өнүгүшүн камсыздайт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости