www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ,13-майда Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак Суу жана Чаңгыл айыл аймагында катуу жааган жаандан улам бир нече үйлөр селдин астында калган. Бул тууралуу окурмандар билдирди. 

--"Бир нече үйлөрдү суу каптап калды. Азырынча канча үй жараксыз болгону белгисиз. Бир унааны жана Беш бала көпүрөсүн суу агызып, жолдор убактылуу жабылды", - деди окурманыбыз Мусулманкул Тагаев.

Жергиликтүү окурмандарыбызы, селдин кирип келе жаткан агымын тартып алышкан жана сел каптап кеткен аймактардын сүрөттөрүн жөнөтүштү.

Белгилей кетсек, Шорбулак каналы ташып, айылды электр энергиясыз калтырды. Тактап айтканда тилсиз жоонун кесепетинен улам Чимген айылында жайгашкан эки үйдү, Исфана шаарындагы бир үйдү, Каракамар менен Ак Сууну бириктире турган 4 чакырым жолду суу каптап, жол убактылуу жабылган. Андан тышкары 4 баш ири мүйүздүү малды жана эки электр мамычаларын агызып кеткен сел Ак Суу, Чоюнчу, Жаркыштак айылдарын электр энергиясыз калтырды. Бул тууралуу маалыматты lenta312.kg жазып чыкты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости