www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ишти жасаганга чейин мактанганга караганда, ишти жасап бүткөндөн кийин анын жемишине кубанып, алкыш-ыраазычылыктарды алуу кандай чоң бакыт болорун аңдап алсак эмне. Алдын ала эле көкүрөктү койгулап, аткарыла элек ишти аткарып салгандай өпкөнү калдаңдатып алып, анан ал ишти аткара албай уят болгондон өткөн да жигит үчүн намыстын сынганы болчу беле.
Мына ушундай абалда бүгүнкү күнү премьер-министр Сапар Исаков турган сыяктуу. Ал жетектеген өкмөттүн курамы бекитилип жатканда «Жалаң жаштардан турган команда келатат, баары билимдүү, чет өлкөлөрдөн билим алышкан кадрлар экен» деген сыяктуу мактоолор жааган болчу. Анан дайындалганына али жарым ай да тололек жатып С. Исаков маалымат булактарынын бирине бир күндүк ишинин жүрүшү боюнча видеомаек берген эле. Анда эртең мененки тамактануусунан баштап баары тартылган. «Эч кандай иш жасай элек жатып эле бул жигит мынча өзүн пиар кыла баштады» деп түшүнбөгөндөр да болгон.
Анан ошол таскагын адегенде эле катуу чыгарып келген өкмөт жарым жыл ичинде эле өзүнүн шалаакы экенин, мактанганды гана билгени менен, иш жасаганды билбей турганын көрсөтүп койду. Мындай пикир азыркы тапта эл ичинде арбын. Жогорку Кеңештин депутаттары да эл менен жолугушууларынан кийин ушундай пикирлер арбын экенин айта башташты. Маселен, Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев парламент отурумунда коррупциялык иштерге аралышып, жең ичинен акча бөлүштүрүп маарыгандардын жазаланбай жатышы элдин кыжырын келтирүүдө дегендей пикирин билдирди. Тактап айтсак, Бишкек ТЭЦиндеги абал боюнча тиешелүү деңгээлде чаралар көрүлбөй жатат. Ал өкмөт бүгүнкү күндө саясый-экономикалык жана кадрдык жактан чабал иш жүргүзүп жатканын катуу сынга алды
«Шыкмаматовго 300 миң сомдук автоунаа боюнча иш козголуп, жооп берип жатат. Бирок, 14500 доллардан алынган видеобайкоо жүргүзүүчү камера боюнча иш козголгон жок. ТЭЦ боюнча ушул жерде сураганыбызда, коррупция боюнча иш козгойбуз дешкен. Мына 10 күндөн кийин эки ай болот. Шалаакылык менен бул маселелерди биз эч кандай жыйынтык чыгарып чече албайбыз. ТЭЦ боюнча иш козголсо, 20-30 чиновниктин баштары көрүнөт эле», - деди К. Зулушев.
Андан ары ал өкмөттүн ушул күнгө чейин жүргүзүп келаткан иши чабал болуп атканына мындайча токтолду: «Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча «Лигласс» менен келишим түздү. Муну кайра кайтарып алды. Ошондо 90 депутат чырылдап турган. Андан кийин «Коопсуз шаар», «Акылдуу шаар» деп аттарын өзгөртүп атат, бул боюнча «Хуавей» компаниясы менен келишим түзүп, аны жокко чыгарды. Бирок, «мындан эч кандай зыян келген жок» деп айтып атат. Кандайча зыян келбейт? Бүгүнкү күндө кандай жол кырсыктары болуп жатат».
Туура, кыска убакыт аралыгында эле эл аралык деңгээлде түзүлгөн эки келишимден кайра баш тартуунун болгону – өкмөттүн өз ишин шалаакылык менен жасап атканынан кабар берет.
Өкмөттүн бүгүнкү жүргүзүп жаткан экономикалык-инвестициялык саясаты да көңүл жылытаарлык эмес. Өкмөт саясый-экономикалык кудуретсиздикке кабылды деген пикирлер арбын. Бул багытта да К. Зулушев өтө катуу сын пикирин мындайча айтты: «Өкмөт бүгүн саясый, экономикалык, финансылык жактан банкротко кептелди. Анткени бир вице-премьерибиз суракта жүрөт. Экинчи вице-премьерибизге башка мамлекеттин нотасы менен бүгүн кылык-жоругуна баа берилип атат. Өзү менен кошо келген вице-премьерлердин бирөөсү да бүгүн жок. Экономика министрлигинин, юстиция министрлигинин чабалдыгын айтып, жадакалса биздин Жогорку Кеңештин комитети тарабынан жумуштан алуу сунушу берилген. Буга да жыйынтык, баа берилген жок».
Ырас эле вице-премьерлери өтө көп алмашкан өкмөт да дал ушул С. Исаковдун өкмөтү болду. Бирок, андан эч кандай оң натыйжа чыкпады. Катар-катарынан министрлери сөгүш алган өкмөт да ушул өкмөт болду. Андан да майнап чыккан жок. Иш кылбай эле мактана берүүнүн, популизмдин арты ушундай болорун С. Исаков башында эле түшүнгөндө эмне?
Булак: NazarNews.kg