www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ош облусунун Ноокат районундагы «Түштүк цемент заводу» ишканасы жаӊыдан иштей баштаганда, жергиликтүү бийлик органдары менен меморандум түзгөн, бирок анын бир бөлүгү да ушул кезге чейин аткарылган жок. Өкмөт мындай жагдайды эске алуу менен, мекемелер аралык комиссия түзүп, ал жерде түзүлгөн абалды тыкыр текшерип чыгып, жыйынтыгында бир чечимге келиши керек”, деген пикирин бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.
«Эки тараптуу кол коюлган меморандумга ылайык, «Түштүк цемент заводу» ишканасы жергиликтүү маанидеги жолдорду оӊдоп, бир катар социалдык объектилерди курмак, бул убада аткарылган жок. Ал жумушчулардын 70 пайызын жергиликтүү тургундардан алып, заводдо өндүрүлгөн цементти жергиликтүү калкка өз баасында сатмак, ал дагы аткарылган жок, цемент базар баасында эле сатылууда. Ошентип, экологияга, жергиликтүү тургундардын ден-соолугуна келтирилген зыяндын орду ушул кезге чейин толтурулбай жатат», - дейт эл өкүлү.
Ошентип, «Түштүк цемент заводу» ишканасы ноокаттыктарга "лапша" илип жүргөндүгүн ачыкка чыгарды.
Булак: NazarNews.kg