www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кылычбек Саркарбаев 2 айга СИЗОго киргизилди. Мындай чечимди Ош шаардык соту чыгарды.
Ош шаардык сотунун чечими менен Кылычбек Саркарбаев 2021-жылдын 16-февралына чейин УКМКнын Ош шаары жана облусунун СИЗОсунда кармалмакчы.
Эске салсак, УКМК тарабынан улуттук паспортту берүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү учурунда Кыргыз Республикасынын жараны, 20.01.1987-жылы туулган Саркарбаев Кылычбек Асилбековичтин документти жасалмалаган фактысы аныктаган.
Такталгандай, “Дженго” кайман аты бар Уюушулган кылмыштуу топтун (УКТ) лидери К.Досонов менен тыгыз мамиледе болгон Саркарбаев Кылычбек Асилбекович, мурда Сулайманов Кылычбек Асылбекович катары катталып жүргөн. Сулайманов К.А. буга чейин КР Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пункту (Тоноо) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана 2006-жылдын июнь айында Ош шаардык сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылып, 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.
Сулайманов К.А. жасалма документтердин негизинде жогорудагы фактыны жашыруу максатында К.А.Саркарбаевдин атына Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алган жана жасалма документтердин негизинде жумушка орношуп, Ош шаарынын мэриясында дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы болуп иштеген.
Азыркы учурда ал сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде кармалган болчу.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg