www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сары-Чат - Ээр-Ташдагы аркар-кулжалардын видеосу

Топ-топ болуп кырдан-кырга, аскадан-аскага чыгып жүргөн кийиктер сырттан караган кишини суктандырбай койбойт. Бул видеонун автору — аталган коруктун башкы егери Өмүрбек Курманалиев.

Сары-Чат — Ээр-Таш мамлекеттик жаратылыш коругу Ысык-Көл аймагында Ак-Шыйрак тоосу тарапта жайгашкан.

Корукта бул күндөрү аркар-кулжанын саны 6000ге чукул болсо, андан тышкары, 3000-4000ге чейинки эчки-теке бар. Жалпысынан алганда орточо эсеп менен ал аймакты 10 000дин тегерегиндеги кийик байырлайт.

Ал эми канаттуулардан тарта сойлоп жүрүүчүлөргө чейинкилерин эсепке алсак, жаныбарлардын 70тен ашык түрү бар. Алар бүркүт, жорунун түрлөрү, суур, кашкулак, илбирс, аюу, карышкыр, түлкү, чөө, кийиктер ж.б.

"Коруктун жалпы аянты 150 миң гектарга жакын болгондуктан баарын караганга мүмкүн эмес, бирок кээ бирлери туулгандан тарта телчиккенге чейин көз алдыңда чоңоет. Албетте, кийиктер адамдардан чочуйт, алардын жыт сезүүсү абдан мыкты өнүккөндүктөн чоочундардын жытын алыстан сезет. Жамандык кылбай турган кишилерди сезет. Кээ күндөрү эртең менен туруп карасаң, кордондун короолоруна чейин келип, түптөрүнө сүйкөнүп жүргөндөрүн көрүүгө болот. Буларды атканга кандай адамдардын колу барат, билбейм", — деди Курманалиев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости