www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оксфорддук AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы Монголияга Индиядан келди. Бул тууралуу Монголиянын Тышкы иштер министри Батцэцэг Батманх 22-февралда билдирген.

Монголияда 2021-жылдын 23-февралында Оксфорддук AstraZeneca вакцинасы менен калкты эмдөө башталат. Алгач Индиядан 150 миң доза вакцина жөнөтүлгөн.  Бул вакциналар Индия Өкмөтүнүн белеги жана COVAX программасына кирбейт.

Тиешелүү тармактардын министрлеринен вакцинаны белгиленген убакытта жеткирип, кампа менен жүк ташуучу унаа менен ташып, эмдөөнү этап менен баштоого милдеттендирилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости