www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) журналист Улугбек Бабакуловго улут аралык кастыкты козутканы үчүн кылмыш ишин козгогон. Ага Бабакуловдун “Фергана ру.” сайтына жазган чуулгандуу макаласы себеп болгон.
Президент Алмазбек Атамбаев 11-июнда “Таза коом” долбоорунун алкагында өткөн эл аралык конференциянын алкагында сөз сүйлөп жатып, Бабакулов дал ушул макаласы тууралуу айрым укук коргоочулары менен да сүйлөшүп, чагымчылдык аракеттерин уланта бере турганы аныкталгандан кийин кылмыш иши козголгонун билдирди.
Бабакулов кылар ишти кылып коюп заматта “зуу койду”. Тактап айтканда, ал кылмыш иши козголорун билип, алдын ала өлкөнү таштап качып кеткен. Эми болсо “Фергана ру.” сайтынын башкы редактору, Бабакуловдун ар дайым чагымчылдык аракеттерин колдоп, тымызын тукуруп жүргөн Даниил Кислов аны сатты. Ал маалымат каражаттарынын бирине курган маегинде журналист менен убактылуу иштешпей турууну чечкенин билдирген.
“Улугбек Бабакуловго козголгон кылмыш ишти тергөө аяктаганга чейин бул журналист менен кызматташууну токтотобуз. Башкалар журналист биздин сайтты аянтча катары пайдаланып, өз кызыкчылыгына колдонуп жатат деген ойдо калбашы, сотко басым көргөзүү катары кабыл алынбашы үчүн ушундай кадамга бардык”, – дейт ал.
Даниил Кисловдун да Кыргызстанга көзү түз эмес. Буга чейин да дал ушул сайты аркылуу далай ирет биздин өлкөнүн аброюна шек келтирген. Кыргызстан тууралуу бир да жолу позитивдүү маалымат тараткан эмес. Жалаң гана бүтүп бараткан июнь окуясынын жарасына туз куюп келет. Эми болсо Даниил Кислов чыныгы жүзүн көрсөтүп жакын “досу” болгон Бабакуловду сатты. Эмне, саткын бардык жерде саткын бойдон калабы?
Булак: Курч.kg