www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушу тапта саясатта «саткынчылык» деген «филиал» абдан өркүндөп жатат. Кечээ эле жетекчинин чачпагын көтөрүп чуркагандар ал адам кызматтан түшкөн соӊ ат тизгинин шарт буруп, сур булуттарга кирип кетишүүдө. Бирок, ошол эле маалда өз сыйын жоготпой, адамгерчиликти туу туткандар да жок эмес.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийликтен кетээрдеги президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнов деген жигитти унута элек болсоўуздар керек. Азыр өз иштери менен алек. Бизнестин битин сыгып жүрөт. Мамлекеттик кызматта жүрүп чарчаган Алмаз Туратбекович бизнес менен алек болгончо эс алууда. Жолугуп «чай ичели» десек, жеке иштеринин көптүгүнөн чай ичкенге убактысы жок болуп атыптыр.
Учурда социалдык тармактарда: «Алмаз Үсөнов Атамбаевди сатып кетиптир, «шефи» кызматтан кеткенден кийин куйругун түйүп качыптыр, экстин абалын сурап койгонго жарабаптыр» деген сөздөр эл арасында көп айтылып жүрөт.
Бирок, Алмаз мырза сатып кетүү, пайдаланып туруп «ыргытып жиберүү» деген сапаттардан алыс жигит. Саясатчы катары моюнуна тагылган милдетти жигиттик сапат менен так аткарды. Экс-президентке да жабышкан жок, ал кишинин артынан жагалданган мактоо сөзүн же жек көрүү сөзүн да айткан жок.
Демек, жигиттик сапатын жоготкон жок, эй, Үсөнов! Карт бөрүлөрдөн тарта саясаттын бөлтүрүктөрүнө чейин адамгерчилик жана ишеним жаатынан так ушул Үсөновдон үлгү алышса кана?..
Булак: "Де-Факто"