www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Чүй облусунун прокуратурасы менен бирге Кыргыз Республикасынын аймагына“төрт хлордуу көмүртек”химиялык затын мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныкташты.
Ыкчам- издөө иш- чараларын жүргүзгөндө, 2017-жылы “Ч.П.” ЖЧК менен “С.Э.К.” ЖЧКнын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизиндеКыргыз Республикасынын аймагына“Торугарт” мамлекеттик контролдук-өткөрмө пункту (түндүк-чыгыш бажысы) аркылуу Кытай Элдик Республикасынан транзит декларациясын түзүп,“төрт хлордуу көмүртек” бар автомобилдик жүк келгендиги аныкталды. Андан кийин “Бизнес-Транс-Сервис”, “Борбордук бажыда” аталган жүк “шарттуу чыгаруу” деген белги менен кийин төрт хлордуу көмүртекти ташып кирүүгө уруксат берүүчү документти алуу шарты коюлуп, катталган.
Бирок,Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 152-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык –тыюу салынган товарлар аймакка алынып келинсе, ошол замат чыгарылып салынат.
Төрт хлордуу көмүртек мунай иштетүүчү заводдо инфра-кызылспектроскопия методу менен мунай заттарда суу чөйрөсүнө талдоо жүргүзүү үчүн болжолдонуп жаткан.
Бул факт боюнча “Торугарт” контролдук-өткөрмө пунктунун жана “Борбордук бажы” бөлүмүнүн (түндүк-чыгыш бажысы) кызмат адамдарынаЧүй облусунун прокуратурасы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 304 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 316-беренелеринде (шалаакылык) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду.
Булак: КРга караштуу ЭККМК басма сөз кызматы