www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биринчи май райондук ИИБине 1986-жылы туулган Никита Наабер аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 12-август күнү Тоголок Молдо көчөсүндөгү үйүнүн жанында 18-20 жаштардагы бейтааныш балдар сабап кеткенин, ошолорго чара көрүп берүүнү суранган. Аталган факт Биринчи май РИИБнин каттоо китепчесине жазылып, арыз ээси медициналык текшерүүдөн өткөн.
Н. Наабер денесине жеңил жараат алгандыгы аныкталган. 14-август күнү Биринчи май райондук ИИБинин тергөө кызматы тарабынан 234-берененин 2-бөлүгү (бейбаштык) беренеси кылмыш иши козголгон. 14-август күнү Асылбаева Ш. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, 12-август күнү болжол менен 21:00 чамасында "Никита" аттуу жаран жашы жете элек баласы Рахимов С.ны сабап салганын билдирген.
Бул факт Биринчи май райондук ИИБине катталып, бала соттук медициналык экспертизадан өткөн. Денесинен анча оор эмес жараат алганы аныкталган. 1-октябрь күнү Никита Нааберге "Бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg