www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министрлиги сатурация түшүнүгү боюнча маалымат берди. Сатурация (каныктыруу) — суюктукту газдар менен каныктыруу.
Министрликтин маалыматы боюнча, адатта, гемоглобиндин кычкылтек менен каныгышы 96-98%ды түзөт. Коронавирус дем алуу системасына киргенде кандагы газ алмашуу жана кандагы көмүр кычкыл газынын жана кычкылтектин балансы бузула баштайт. Мындай абалдын пайда болуу коркунучун алгачкы этаптарда аныктоого пульсоксиметр мүмкүндүк берет.
«Светодиоддору бар сенсор манжанын үстүнө басылат. Жарык кан жана жумшак ткандар аркылуу өткөндө анын жарым-жартылай сиңүүсү пайда болот. Бул кандагы кычкылтекти аныктоого мүмкүндүк берет. Алынган маалыматтар түзмөктүн дисплейинде сандар түрүндө көрсөтүлөт. Эгер каныккандык 94-95%дан төмөн болсо, анда дарыгерге кайрылыңыз», - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg