www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист, белгилүү диктор Чынар Капарова “шайлоону жылдырыш керек” деген кептерге жооп катары билдирүү жазып чыкты.

Анын айтымында, шайлоону өз убагында эржени сактоо менен өткөрүү зарыл.

“Ооба, абал оор, эл кыйналып жатат... өзүм көрүп, аралашып жүрөм!

Тилекке каршы, абалды пайдаланып өзүн пиар кылгандар да четтен чыгат экен, өкүнүчтүү...

Оорудан кийинки эле опурталдуу тема ШАЙЛОО болду. Бири жылдырыш керек, бири өткөрүш керек деген пикирлер, талаптар, сунуштар байма-бай чыгууда.

Шайлоо өтпөсө азыркы 6-чакырылыш иштей берсинби? “Кетишсин”, “жоголушсун”, “чимкириктер”... дегеле койчу, эмне деп гана сындап, тилдеп, каргаган жоксуздар... Мен деле азыркы ЖК курамынын 80 пайызына каршымын!!!

Анда, шайлоону бир жылга жылдырып, Жогорку Кеӊештин колу менен, азыркы Өкмөттү отставкага кетирип, өздөрү самороспуск кылып, бүт бийликти 1 жылга Президентке өткөзүп бериш керек болот!!!

Ошондуктан, шайлоо өз убагында Кореядагыдай эле эрежелерди так сактоо менен өтүп (бардык мамлекетте оору, айрымдарында шайлоо өтүп эле жатат) жаӊы курамды шайлап, жаӊы өкмөт түзүп алып, жаӊы жашоого багыт алалы!

“Түкүрүк” эмес, өзүӊөр каалаган депутаттарды шайлап алгыла, дагы биртке тыйынга алданып “кулунубуз” эле, “гумпомощь берген” деп тандабай, өлкөнүн жүгүн көтөрүп кете турган жаңы жүздөрдү тандагыла да, талаптарды койгула!»,-деп билдирүү жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости