www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СССРдин убагында төрөлүп чоңоюп калгандыктанбы менде намаз, дуа, кара дуа деген түшүнүк такыр жок эле. Биз жакта орус улутундагылар жана башка улуттагы элдер көп болчу. Кыргыз тилин дагы жакшы деле билчү эмесмин. Ысык-Көл облусундагы айылдардын биринин тургунумун. Үй-бүлөдө мен жалгыз кыз анан жети эркек. Жалгыз кыз болгондуктан эрке чоңойдум. Байке, инилерим, ата-энем менин көзүмду карап, аябай эрке кылып салышкан. Атамдын эрке, жакшы көргөн кызы элем. Тилекке каршы, атам мен бой жете электе эле оорудан көз жумду. Атам өткөндөн кийин мурункудай эрке кыз боло албадым...
Улуу байкем убакыт келип үйлөндү. Ошентип Ордолуу Ош шаарынан биздин үйгө алгачкы келин кирип келди. Улуу байкем башкаларга караганда жоош эле. Кийинки байкелерим менен инилерим тыңыраак болчу. Улуу байкем үйлөнгөнүнө беш жыл болуп калганда кичүү иним кырсыктап каза тапты. Баласын жоготкон энеге өтө кыйын. Иним каза болгондо апамдын жүрөгү кармап, төшөккө жатып калды. Бир жыл өтүп эле инимдин аркасынан апам да кетти...
Турмуш эч нерсе болбогондой өтө берди. Бир туугандарым чекесинен турмуш куруп, өз жашоолорун улантышты. Бирок мен үчүн атамды да, жакшы көргөн инимди да, мени жарык дүйнөгө алып келген апамдан айрылуу ушундай кыйын болду. Атамды канчалык жакшы көрсөм да, апамдан ажыраганда бул жашоо менен кош айтышкым келди. Бирок, мени бир чоочун эле аял токтотуп калды. Ал мени бош болгондо үйүнө келип кетүүсүн суранды.
Бир жума ойлонуп жүрүп, акыры чоочун аялдын үйүнө бардым. Ал жай гана сүйлөшүү көпкө созулаарын айтып, маңдайына отурууну буйруду...
“Билем, жакын адамдарыңан айрылдың. Кан жутуп турасың. Жакында эле апаңдан айрылыптырсың, аркасынан кетем деген оюң бар. Бирок, туура эмес кылып жатасың. Сен бир туугандарыңа керексиң”,-деди.
Менин аларга жардамым кереги жок экенин, баары чоңойуп калганын айтып, ар бири өзүнчө турмуш курат дедим.
“Жок, жаңылышасың. Сен бир туугандарыңды сактап калышың керек”,-деди ал.
Мен таң калып, түшүнбөй отурдум. Мен эмнеден сактап калышым керектигин сураганча эле ал сөзүн улантты.
“Сенин бир туугандарыңдын баары дубаланган. Кичүү иниң кырсыктан эмес, кара дубадан көз жумду”,- деди.
Эмне деп айтаарымды билбей, оозуман бир сөз чыккан жок. Анан бир саамга унчукпай отуруп, апамды дагыбы деп сурадым.
“Жок, апаң өз оорусу менен көз жумду. Бир туугандарың дубаланган. Апаңа тийген эмес. Тез эле өтүп кетерин билген”,-деп эле бир нерселерди сүйлөп жатты.
Кара дуба деген немени биринчи жолу уккандыктанбы, эч түшүнө алган жокмун. Бир топко отуруп, ким, эмне үчүн кылды деген суроо бердим.
“Жеңең, улуу байкеңдин аялы кылган. Бир иниң чет өлкөдөн жакында ооруп келет. Анын дагы убагы келип калыптыр...”,-деди.
Башым айланып, уккан кулагыма ишенбей, чоочун аялдын үйүнөн чыгып кеттим. Жолдо баратып, жеңем муну эмнеге кылмак эле деп ары ойлонуп, бери ойлонуп, акырык чоочун аялга да ишенесиңби, калп деп өзүмдү тынчтантып койдум. Инимлеримдин бири да чет өлкөдө эмес эле.
Бир жыл өттү. Кичүү инимен мурунку иним чет өлкөгө барып келди. Ал келгенде тааный албайсың. Бою узун, далылуу инимден эч нерсе калбаптыр. Өңү кубарып, ооруп жатып калды. Дарыгерлер “суук тийген” деген сөздөн башка эч нерсе айта алышпайт. Бир айдан кийин ал инимен да айрылып калдым...
Жашоо өтө берди. Беш жылдан кийин менден кийинки иним жубайы экөөнүн ортосунда жаңжал чыгып, ал үйүнөн төркүнүнө кетип калды. Иним ичип, мас болуп, тамекисин күйгүзгөн боюнча уктап калып, үйү менен кошо өрттөнүп кетти...Анан ошондо, баякы чоочун аялдын “бир туугандарыңды четинен жерге бересиң” деген сөзү эсиме түштү. Ал чоочун аял менен жолукканыма жети жыл болуп калган. Кайдан табаарымды билбейм. Акыры мурунку барган даректи эстеп, көчүп кетпегендир деген үмүт менен дарекке бардым. Менин бактыма ал ошол жерде али жашайт экен. Кирип барсам эле дароо эле тааныды.
“Сенин келээриңди билгем, кел отур. Дагы эки бир тууганыңан айрылдың...”,-деди чоочун аял.
Мен жеңем эмне үчүн мындай кылганын сурадым.
“Сенин байкең жоош экен. Үй кичүү иниңе калыш керек болчу. Улуу байкеңдин жоош экенин сезип, билип турган жеңең үйдү алыш үчүн бир туугандарыңды дубалап салган. Ал дуба боюнча кичүүдөн өйдө карай жүрөт”,-деди.
Ал өзүнүн жолдошун дагы дубалатканбы деп таң калдым.
“Оа, бирок анын мезгили келгенде карып деле калат...Бул өтө күчтүү дуба. Аны чечиш үчүн жеңең кайтарма окутуш керек. Сен аны көндүрүшүң керек. Бирок, аны көндүрүү өтө кыйын”,-деп мени ого бетер таң калтырып жатты.
Эмнеге көндүрө албайт экенмин, көнбөй көрсүнчү, окуткандан кийин чечтирсин да деп күбүрөнүп жаттым.
“Эгер ал кайтарма окутса, ошол кара дуба өзүнө тиет. Ал өлүүнү каалабайт да. Ошон үчүн кыйын болот. А эгер, кайтарма окутпасаң бир туугандарың бирден өлө берет”,-деди.
Эмне кылаарымды билбей, чоочун аялдын үйүнөн жети жыл мурун башым айланып кандай абалда чыксам, бүгүн да ошол абалда чыктым.
4 бир тууганымды кантип сактап калам. Жеңем көнбөсө эмне кылам. Ага айтуудан да коркуп турам. Андан башка нерселерди кылып жиберсечи, айтор, башым маң. Жеңеме барып, барын билеримди айтып, кайтарма окут десем макул болобу же...
Булак: NazarNews.kg