www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-августта Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталган экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин камактагы мөөнөтүн 13-октябрга чейин узартты.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, райондук соттун чечими менен "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев жана анын орун басары Жолдошбек Назаров, Кытайдын TBEA компаниясынын өкүлү Мусажан Макелек да 13-октябрга чейин камакта калды. Булардын баары тең Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурушат.

Алардын камактагы мөөнөтүн узартууну УКМКнын тергөөчүлөрү өтүнгөн. ЖЭБде быйыл январда болгон авария жана аны модернизациялоого байланыштуу төрт кылмыш иши козголгон. Анын негизинде мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы төрагасы Айбек Калиев, орун басары Жолдошбек Назаров, энергетика тармагындагы ишканалардын бир нече жетекчилери "Коррупция" беренеси менен айыпталып, камакка алынган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости