www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көзү азиз активист, акын Темирлан Ормуков 7-августта мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага каршы Бишкектин Октябрь райондук сотуна арыз жазды.
Бул тууралуу ал NazarNews.kg билдирди. Анын сотко жазган доо арызында Индира Жолдубаева башкы прокурор болуп турган кездеги өзүнө карата болгон аракеттерди "мыйзамсыз" деп табуу, "Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык андан жоопкер катары 50 миң сом өндүрүп берүү өтүнүчү камтылган. Ошондой эле соттук чыгымдарды төлөөнү Индира Жолдубаевага милдеттендирүүнү сураган.
Ормуков өзүн сотко жетирген "Ажонун ооруп жүрөгү" деген кыргыз тилиндеги ырын прокуратура органдары орусча экспертиза кылганы "туура эмес" деп эсептейт. Териштирүү учурунда ар кандай убаракерчилик тартып, кысым көрсөтүлгөнү үчүн ошол кезде Башкы прокуратураны жетектеген Индира Жолдубаева жооп бериши керектигин айтууда.
Булак: NazarNews.kg