www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-июлда Мекке шаарында мусулмандардын ажылык зыяраты башталды. Быйыл пандемияга байланыштуу чет элдик зыяратчыларга ага катышууга уруксат берилген жок. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мындай чектөө Сауд Арабиясынын тарыхында биринчи жолу киргизилди. Адатта 180дөй мамлекеттен эки миллиондой адам беш күнгө созула турган ажылык жөрөлгөлөрүн аткарыш үчүн келчү.

Быйыл падышалыктын аймагында гана жашаган, жашы 65тен ашпаган, өнөкөт оорулары жок мусулмандар гана зыярат кыла алышат. Алардын саны миңден он миңге чейин болору кабарланууда.

Мекке шаарына башка аймактардан келгендердин дене табы текшерилип, жүктөрү толук дезинфекцияланууда.

Ажылыкты уюштуруу боюнча министрликтин өкүлү Амр Аль-Мадда бийлик бардык гигиеналык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөп жатканын билдирди.

Ушул жылдын февраль айында Сауд Арабиясы Мекке менен Медина шаарларына чет өлкөлүк зыяратчылардын кичи ажылыкка же умрага келишин чектеген.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, Сауд Арабиясында 270 миңдей адам коронавирус жугузуп алган. Илдет бул өлкөдө 2700дөн көп адамдын өмүрүн алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости