www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн дагы 142 кыргызстандык мекенге кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

ТИМ Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн жарандарды кайтаруу иш-чараларынын кезектеги этабын аяктады.

"Бүгүн, 15-мартта саат 06:30да "Манас" эл аралык аэропортуна Сауд Арабия Падышалыгынан 142 кыргызстандык менен атайын учак ийгиликтүү келип конду. Буга чейин маалымдалгандай, иш-чаранын биринчи этабында Кувейт, Бахрейн жана Катар мамлекеттеринде жүргөн жарандарыбыз атайын автобустар менен Эр-Рияд шаарына жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик кооптуу аймактардан жарандарды мекенине кайтаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кошумча маалымат берип турат.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги кырдаал толук турукташканга чейин жарандарды аталган өлкөлөргө убактылуу баруудан карманууга дагы бир ирет чакырат.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстанга Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн 3 миңдей кыргызстандык кайтып келген. Алардын ичинен 426 жаран мамлекет уюштурган акысыз каттамдар менен келсе, ал эми калгандары өз алдынча учуп келишкен.

Последние новости