www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиялык “Reprieve” деген адам укугун коргоочу уюм Сауд Аравияда акыркы беш жылда өлүм жазасына тартылгандардын саны эки эсеге көбөйгөнүн билдирди. 

Маалыматка ылайык, Сауд Аравияда 2009-жылдан 2014-жылга чейин 423 өлүм жазасы аткарылган. Бул көрсөткүч 2015-жылдан 2020-жылга чейин эки эсе көбөйүп, бул мезгил аралыгында 800 адам өлүм жазасына тартылган. 2019-жылы өлкөдө 186 кишиге өлүм жазасы өкүмү чыгып, алардын ичинен 37и адам саясий себептер менен массалык түрдө өлтүрүлгөн.

Ошондой эле, 2019-жылы массалык түрдө өлүм жазасына тартылгандардын арасында 16 жана 17 жаштагы эки өспүрүм бар болгон. Алар өкмөткө каршы демонстрацияларга катышкандыгы үчүн сотто террордук акт жасады деп соттолушкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости