www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-апрелге карата өлкөдө коронавирустан дагы 23 бейтап айыкты. Алардын ичинен 9 бейтап Бишкектеги республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан чыгышты. Аталган оорукананын бөлүм башчысы Канат Искаков айыккандардын арасында 6 жаштагы бала бар экендигин айткан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөзүнөн маалымдашты.

"Ооруканадан чыккан бейтаптын бири оор абалда келип, жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Бүгүнкү күнгө карата анын абалы канааттандырарлык болуп, үйүнө чыгып жатат. Бул илдетти дарылоо ыкмасын аныктоо үчүн атайын консилиум өткөрүлүп, жыйынтыгына ылайык дүйнөлүк тажрыйбада колдонулган дары-дармектер дайындалат. Антибиотиктер бардык эле бейтаптарды дарылоодо колдонулбайт. Эгерде оорулуунун абалы канааттандырарлык болсо, ага витаминдер жана башка дары каражаттары берилет", - деп айткан Искаков.

Өлкө боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 114 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости