www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясий элитанын шалаакылыгынан улам Европаны алдыдагы күз менен кышта бир топ кыйынчылыктар күтүп турат. Бул тууралуу хорватиялык Geopolitika.news басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Белгисиздик, саясий-экономикалык, энергетикалык, социалдык жана коргонуу жаатында жаралган кооптуу кырдаал Европаны барган сайын "солкулдатууда". Бул Евробиримдиктин мүчөлөрүнө да, ага али кире элек же өз каалоосу менен ЕБден чыгып кеткендерге да тиешелүү", — деп айтылат макалада.
Автор белгилегендей, көйгөйлөр бардык тармактарда аздыр-көптүр ачыкка чыга баштады. Украина жаңжалы Европаны инфляция, энергия тартыштыгына кептеп, элди керектүү нерсе менен камсыздоо начарлады.
"Башкаруучу элита үчүн нааразы болгон жарандардын козголоңу саясий атаандаштар жана идеологиялык каршылаштар менен күрөшкө караганда алда канча коркунучтуу. Саясатчылар өз шалаакылыгынан улам алдыдагы күз менен кышта бир топ кыйынчылыктарга туш болот", — деп жазылат макалада.
Булак: NazarNews.kg