www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СДПК шайлоо алдында өзбектешип баратат

Учурунда Ала-Тоонун ай–ааламын бербей чалкып жаткан жаткан СДПКнын бүгүнкү абалы аянычтуу. СДПКнын шайы ооп баратканын сезишкен көпчүлүк мүчөлөрү туш –тарапка тарашып, СДПК муун-жүнү калчылдап муунуп бараткандай. Кеп, СДПКда деле эмес, анткени күзүндө боло турган парламенттик шайлоодо СДПК фракциясы башкаруучу функциясын жоготуп, ал эмес парламентке өтпөй калышы да толук ыктымаал. Ошондуктан, бул партиядан жаа –боюу качып жаткандарды түшүнсө болот. Кандай жол менен болсо да жаңы партия түзүп же башка партияларга илээлешип албаса, СДПКнын мүчөлөрүнө бул партияда ирип –чирий бериштин кажети жок эмеспи. Бул мыйзамченемдүү көрүнүштү түшүнүшкөн көптөгөн “сыдыпыкычылар” эбакта эле изин жашырышкан. Ал эми СДПКга “каны-жаным менен берилгенмин” деген шылтоо менен Алмазбек Атамбаевди колдогон бир ууч топ Асел Кодуранованы бул партияга жетекчи кылышып, СДПКнын туусуна жамынышкан. Бул топко Атамбаевди боктогон жагынан алдына киши салбаган Адил Турдукуловго окшогондордун кошулушу менен, азыркы бийликке оппозициялык маанайда 2018 –жылы “Кой -Таш элдик республикасын” түзөбүз дешип, караламан калкты будуң –чаң кылышкан. Мезгилдин өтүшү менен Асел Кодуранова башында турган СДПКнын деми кыстыгып, камоодо жаткан Алмазбек Атамбаевди чанышып, ким бизди колдосо ошону менен парламенттик шайлоого барабыз дешип, учурунда жандосу Алмазбек Атамбаевге каршы чыгып, 2018-жылы июнда Сокулук районундагы Орок айылында болгон инциденттен улам Чүй облусунун жетекчилигинен бошотулган Туйгуналы Абдраимовго ыктап бараткан. Асел Кодуранованын бул ГОЭЛРО планына бийлик дегенде акактап турган Адил Турдукулов, Алмазбек Атамбаевдин сүйүктүү маалыматчысы Кундуз Жолдубаева сыяктуу ишенген “сыдыпыкычылары” кошулган.

Мындай тирешүүлөр кечээ эле Кыргызстанды солк эткизбей бийлеп турган СДПКда болуп, акыры СДПКнын төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу катары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты, улуту өзбек болгондуктан Атамбаев өзбектердин добушун алыш үчүн сүйрөп жүргөн Анвар Артыковду № 1 СДПКны жетектете турган болду. Кыргызстандагы жол кызматкерлерин теңине албай, өзү каалагандай эрежелер менен жүргөн Анвар Артыков элдин жашоо деңгээли төмөн экенин билсе да, парламент депутаттарынын айлык акысы көз кубанарлык экенин сезсе да, депутаттардын айлыгын көтөрөбүз дегенден башка депутаттык мөөнөтүндө жарытылуу сунуш деле кийирген эмес. Ар кимге вассал болуп көнгөн Анвар Артыков өзүн депутат кылып чойоктоткон Алмазбек Атамбаевди парламентте калам деген үмүт менен колдогон жагынан анча –мынча саясатчылардан ашып түшкөн. Бүгүн ал СДПКны кайсы нукка бурат?   Бул топ ушул күнгө чейин СДПК Кыргызстанды чеңгээлинде уучтап жүргөнсүп, бир нече убакыт өткөндөн кийин, саясий кеңештин мүчөлөрү "соолукканда" дагы сүйлөшүү столуна отурушарын билдирди. Бул СДПК качан соолугат? Парламенттик шайлоо өтүп, ички саясий таарынычтардан улам СДПК парламентке өтпөй калгандабы? СДПКнын саясий кеңешинин отурумунан соң Ирина Карамушкина менен Рыскелди Момбеков партиянын саясий кеңешинен чыгышканы белгилүү болду.

Алмазбек Атамбаев саясаттан обочолонуп калгандыктан, Атамбаевдин жолун улантууну каалашып Сейит, Кадыр деген балдары №3 - "Кыргызстандын социал-демократтары" же Кыргызстан социал-демократтар партиясы деген аталыш менен жаңы партия түзүшкөн. Ирина Карамушкина ушул партияга өтүп, саясатта “сары ооз” балапандар Атамбаевдин уулдары үчүн “серый кардиналдын” милдетин аткара тургандай. Атамбаевди жиниктире тилдеп жүргөн Адил Турдукулов тиешелүү учурда Атамбаевдин жан –шеригине айланып, эми кайрадан Алмазбек Атамбаевдин балдарынын саясый көрөңгөсү жок деп ай –ааламды жаңырта кыйкыра баштады. СДПКга жаңы лидер болгон Артыков СДПКнын саясий кеңешинин мурунку мүчөсү Адил Турдукуловдун кимдир бирөөнүн “Социал-демократтарды” бөлүү буйругун аткарып жаткандыгын четке каккан эмес.

Сагынбек Абдрахманов да ушундай учурду туура пайдаланып, “Атамбаевсиз СДПК” деген ураан менен № 2 СДПКны түзүп, ары –бери чапкылап жүрүп эси оогон. Улам парламенттик шайлоо чукулдаган сайын № 2 СДПК тууралуу ынанымдуу сөздөрдүн аягы суюлуп, шайы ооп калган Сагынбек Абдрахманов парламенттик шайлоодон өтүп кетерине ишенбей, ар кимди жал –жал карап калгандай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости