www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СДПКны бөлүү миссиясын так аткарган Сагынбек Абдырахманов талаада кала тургандай. Сагынбек Абдырахманов айыл өкмөтүн “өпкөлөтүп” жүргөндө СДПКнын лидери Атамбаевге жакшы жагынып жиберип көңүлүнө жагып калат. Ой-да кошомат кылгандарды жакшы көрө турган “атакеси” Сашканы эркелетип башынан сылап депутат кылат, бийлик тизгини тийген соң элге таанылсын деп берекелүү Чүй облусуна губернатор кылат. Курсагы ач экен, доллар жеп тоюп алсын деп “Кыргызалтынга” алып барат. Атамбаев аралашканбы ким билет, ушул жерден 30 миллион доллар камгактай белгисиз капчыктарга учуп кетет. Атамбаевдин эң сыйлуу конокторунун бири Сагынбек Абдырахманов болгон дешет апрель баатырлары. Анткени, 7-апрелге чукул Сагынбек Абдырахмановду Атамбаев чакырып алып, кул жебес тамак - аштын барын жайнатып, Раиса Атамбаевага чай куйдуруп чучук, казы-карта менен ой-да сыйлай турган дешет.
Сагынбек Абдырахманов губернатор болуп, эл тааныды, “Кыргызалтынга” барып курсагын тойгузду, Пушкин жазган орус эл жомогундагы балыкчы чалдын кемпириндей болуп каалаганын алып бер деп чалчактап калды. Сагынбек Абдырахманов президент болууну самады. СДПКдан президенттикке аны көрсөтпөй турганы белгилүү болуп, ал СДПКга каршы чыкты. СДПК партиясы тарабынан президенттикке талапкер болуп чыккан Сооронбай Жээнбеков менен Чыныбай Турсунбеков экөөнө тең ор каза баштады. Тагдырдын жазмышы менен Сооронбай Жээнбеков президент болот, мурунку президент Атамбаев мамлекеттеги таасиринен жыдыйт. Ушундай кырдаалда терисин тескери жамынган Сагынбек Абдырахманов Атамбаевди ур –тепкиге алып, Атамбаевди ал жыдыткансып, өзүн өйдө сезип СДПКны бөлө баштайт. СДПКны “сындырды”, СДПК “сынган соң” Сагынбек Абдырахмановдун кимге кереги бар?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg