www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу саясий партиялардын курултайларын, шайлоочулар менен жолугушууларды жана талапкерлердин дебаттарын өткөрүүдө санитардык-эпидемиологиялык талаптар бекем сакталууга тийиш. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш-чаралар өткөрүлүүчү имараттар толук дезинфекцияланып, катышуучулардын аралыгы 1,5-2 метрден кем болбоого тийиш. Санитайзер, беткап жана медициналык мээлейлер сөзсүз түрдө болушу керек. Катышуучулардын дене табы өлчөнүп, колдонулуучу жана таратылуучу маалыматтар жазылган кагаздар, документтер толук дезинфекцияланышы зарыл.

"БШК өз кезегинде кыргыз өкмөтү менен бирге шайлоону санитардык талаптарды бекем сактоо менен өткөрүү боюнча чара көрөт. Шайлоочулардын жана шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоого тиешелүү шарттарды түзөт",-деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо президенттин буйругу менен 4-октябрга дайындалды. 6-июлга карата шайлоого катышуу ниетин билдирип, беш саясий партия Боршайкомго кайрылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости