www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик президенттик шайлоого өз талапкерин атаары менен буга чейин Акүйгө оң көзү менен карагандардын көбү айнып, Өмүрбек Бабановдун тегерегине топтоло башташканы байкалат. Болгондо да КСДПнын көзүрлөрү дейт. Алар бири-бири менен ат тезегин кургатпай катташып, таң ашыра акылдашып, акыры «РАЖдын» лидерине токтолушканын себебин да чала-була угуп калдык.

Көрсө, Сооронбай мырза иш десе ишке, аш десе ашка тойбой турган Бабановго атаандаш боло албайт экен. Жеңдирип жиберет деп атышыптыр. Эгер эле бийлиги менен жапырып президент болуп алган күндө да Атамбаевдин айланасындагылардын басымдуу көпчүлүгүнө эч кандай устукан бербей кууратат имиш.

Бу кейпи менен бийлик жеңишти Өмүрбек мырзага жулдуруп ийет окшойт. Өмүкең болсо алаканды ушалап, «кош келиңиздер» деп күтүп алса керек буларды…

Булак:  “Азия ньюс”

Последние новости